Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 64
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын аймагында жайгашкан жер участогун "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Социалдык объекттерди (мектеп жана бала бакча) куруу, калктуу конуштун аймагын кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын тургундарын мамлекеттик ипотекалык турак жай курулушунун алкагында жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жолу менен жергиликтүү калктын социалдык муктаждыктарын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 17-октябрындагы № 01-17/4217 корутундусунун жана Талас шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 17-октябрындагы № 52 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусу, Талас шаары, Алымкулов көчөсү, 111/1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган, аянты 5,1282 га жер участогу социалдык объекттерди (мектеп жана бала бакча), көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте ушул токтом күчүнө киргенден кийин белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна менчик укугун Талас шаарынын мэриясына өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Талас шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууну;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бул жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен аймактын инфраструктурасын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |