Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIII СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 1-февраль № 182

Кара-Талаа айылындагы дем берүүчү грантка күрөш залы жана гимнастикалык борборунун кош салымынын каржылоосу жөнүндө

 

Айыл Өкмөтүнүн бөлүм башчы, башкы бухгалтер А.Курманалиевдинжана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комитеттинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Кара-Талаа айылындагы дем берүүчү грантка күрөш залы жана гимнастикалык борборунун капиталдык ремонтуна сунушталган долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 100000,0 (Бир жүз миң) сом акча каражаты каржыланып берилсин.

2.      Каржыланган акча каражатын максатына жараша жумшоо жагы айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтери А.Курманалиевге милдеттендирилсин.

 

3.      Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы  №182 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4.      Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

  

Депутаттардын Улахол айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Жолалиев

 

Катчы

Д.Чыныбаева