Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги (кезексиз)–XXX сессиясынын
2024-жылдын 02-февралындагы №30-1
Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу айылдардын генпланын
кабыл алуу жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХX сессиясынын,биринчи маселеси боюнча айыл аймагынын башчысы Б.Назарбековдун айыл аймагына караштуу 7(жети)айылдын генпланын долбоору менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу 7(жети)айылдын генпланын кабыл алууга макулдук берилсин.
2 7 (жети) айылдын генпланын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулуктуц,укук тартибин сактоо жарандардын кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |