Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-февралы № 49
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту «камакка алуу» деген сөздөрдөн кийин «, электрондук байкоо жүргүзүү» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту «камакка алуу» деген сөздөрдөн кийин «, электрондук байкоо жүргүзүү» деген сөздөр менен толукталсын;
3) 46-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Айыпталуучу иштин соттук териштирүүсүнө катышууга (жеке катышуу же видеоконференцбайланыш режиминде), тараптын бардык укуктарынан пайдаланууга, акыркы сөзгө, соттун аракетине жана чечимине даттанууга укуктуу.»;
4) 104-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) электрондук байкоо жүргүзүү;»;
5) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1091-берене менен толукталсын:
«1091-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү
1. Электрондук байкоо жүргүзүү - айыпталуучуга карата белгиленген тыюулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен анын турган жерин аралыктан контролдоо жана көзөмөлдөө.
Электрондук байкоо жүргүзүү төмөнкүлөр боюнча айыпталуучуларга карата колдонулбайт:
1) өзгөчө оор кылмыштар;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин VI бөлүмүндө каралган оор кылмыштар.
2. Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим айыпталуучу, анын адвокаты, мыйзамдуу өкүлү берген бул бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө өтүнмөсүн кароонун жыйынтыгы боюнча тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья, сот тарабынан кабыл алынат.
Электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимде бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (айыпталуучу анын чегинен кете албаган аймак, айыпталуучуга карата белгиленген тыюулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоо жүктөлгөн орган же кызмат адамы көрсөтүлөт. Айыпталуучудан бөгөт коюу чарасын колдонгон органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан кетпөө, белгиленген тыюуларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо, тергөө өндүрүшүнө жана сотто ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбоо, чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алынат.
3. Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу шарттары жана контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Айыпталуучу электрондук байкоо жүргүзүү шарттарын бузган учурда, ага башка бөгөт коюу чарасы колдонулат, бул жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, судьянын чечиминде же соттун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө аныктамасында көрсөтүлөт.»;
6) 115-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы «тараптардын катышуусу менен» деген сөздөрдөн кийин «ушул Кодекстин 290-беренесинде каралган тартипте» деген сөздөр менен толукталсын;
7) 179-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда «жана (же)» деген сөздөр «же» деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 194-берененин 4-бөлүгүндө «Экспертти суракка алуу протоколу» деген сөздөрдөн кийин «, эксперттин жашаган жери жөнүндө маалыматы камтыган маалыматты кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
9) 266-берененин 9-бөлүгүндө «аны сотко жеткирүү» деген сөздөр «анын сотко катышуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 290-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«290-берене. Соттук териштирүүгө аралыктан катышуу
1. Сот ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен жабырлануучуну, күбөнү, экспертти, адисти соттук отурумда видеоконференцбайланыш режиминде суракка алууга (аралыктан суракка алууга) укуктуу, ал жөнүндө жүйөлөнгөн токтом (аныктама) чыгарат.
Видеоконференцбайланыш режиминде аралыктан суракка алуу жөнүндө соттун токтому (аныктамасы) жабырлануучунун, күбөнүн, эксперттин, адистин турган жери боюнча сотко аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
2. Жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгондун) соттук териштирүүдө катышуусу видеоконференцбайланыш режиминде жүргүзүлөт.
Жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгондун) катышуусу айыпталуучунун (соттолгондун) же анын адвокатынын өтүнүчү боюнча соттук отурумдун өткөрүлгөн жеринде жүргүзүлөт.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |