ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз отуз төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 08-февралы № 116
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн муниципалдык базарын иштетүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз отуз төртүнчү сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн муниципалдык базары уюштурулсун.
2.Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө муниципалдык базардын уставын даярдап каттоодон өткөрүү, айылдык кеңештин 30.11. 2023-жылдагы №104 токтомуна ылайык айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте муниципалдык базардын чегараларын баштапкы генпланга ылайык так аныктоо, муниципалдык базардын соода павилиондорунун, курулуш материалдарды сатуу бөлүгү, унаа токтотуучу жайлар жана башка соода жайларынын жайгашуусу боюнча долбоорун иштеп чыгуу, муниципалдык базардын жетекчисин жана штаттык бирдигин бекитүү Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) жүктөлсүн.
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 109 Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү Жарлыгына ылайык ыйгарым укуктуу органдарга кайрылып, генпланда бекитилген жолдорду ачуу, муниципалдык базар менен Баяман баатыр базарынын чегарасын бойлоп өткөн (Шакиров Жеңишбекке таандык жер аянты менен ЛЭП аралыгы аркылуу өткөн жолдун) Ош-Баткен автожолуна чейин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго жүктөлсүн.
4.Токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер,
муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Кожонов З.Ы. |