Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 63
Имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке өткөрүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 505-статьяларына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды (мурдагы бала бакчанын имараты) жалпы аянты 0,34 га, идентификациялык коду: 1-03-07-0040-0121 жанаша жер участогу (мындан ары - мамлекеттик менчик объекти) менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;
- Бишкек шаарынын мэриясынан муниципалдык менчикте турган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ак-Дөбө айыл аймагы, Кайырма айылы, № 35 контур дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 701-01-0007-0018 иш жүзүндө курулмалары менен жалпы аянты 1,28 га жер участогун (мындан ары - муниципалдык объект) мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен мамлекеттик менчик объектин муниципалдык объектке алмаштыруу келишимин түзсүн;
- муниципалдык объектти Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- мамлекеттик менчик объектин муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- муниципалдык менчикке өткөн объектти мамлекеттик каттоодон өткөрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |