Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы

 

2024-жылдын 15-январы № 109

Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  2023-жылдын 10-ноябрындагы № 104 токтомунун негизинде “Гауян ” Суу пайдалануучулар Ассоцациясынын  “Гауян” каналын реаблитизациялоо долбоорун ишке ашыруу учурунда алынган кредиттик төлөмү боюнча  түзүлгөн убактылуу комиссиянынын иши жөнүндө.

 

           Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 104 токтомунун негизинде “Гауян ” Суу пайдалануучулар Ассоцациясынын “Гауян” каналын реаблитизациялоо долбоорун ишке ашыруу учурунда алынган кредиттик төлөмү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянынын иши боюнча түзүлгөн акттын негизинде комиссиянын ишинин жүрүшүнө “Гауян” суу пайдалануучулар ассосациясынын жетекчиси С.Ишбалаевдин  жана жалпы өздүк курамындагы кызматкерлеринин катышпагандыгын, бул маселе боюнча айтылган ой- пикир сунуштарды эске алуу менен Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 104 токтомунун негизинде “Гауян ” Суу пайдалануучулар Ассоцациясынын

“Гауян” каналын реаблитизациялоо долбоорун ишке ашыруу учурунда алынган кредиттик төлөмү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянынын  ишинин мөөнөтү токтотулсун.

2. “Гауян ” Суу пайдалануучулар Ассоцациясынын  2018-2023-жылдарга карата өздүк бюджетин ,  “Гауян” каналын реаблитациялоо учурундагы жумшалган каражаттар жана СПА ныны балансына катталган кыймылсыз мүлктөрдү ачыктоо үчүн көз карандысыз текшерүү органдарына текшертүү иши Бирлик айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзомолдөо жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Гауян” СПА сынын иши боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиясына жүктөлсүн.

 Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов