Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги (кезексиз)–XXX сессиясынын
2024-жылдын 02-февралындагы №30-3
Т.Балтагулов айыл аймагынын 2024-жылга калган акча каражаты
жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХX сессиясынын,төртүнчү маселеси боюнча айыл аймагынын ФЭБтин башчысы Р.Дуулатов 2024-жылдын 01-январына калган акча каражаты менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылдын 01-январына калган акча каражатын айылдарга бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
2 2547.4 мин сом акча каражаты Кош-Алмурут айылындагы спорт залга-1300,0мин сом,Кашкалак айылына трансформаторго-300.0мин сом,Жашыл мураска-294,4 мин сом,Кош-Алмурут мектеп жана бала бакчага таза сууга-115.0мин сом,Баймак айылына трансформаторго-300.0мин сом,Кашкалак айылындагы Мин булак-2 көчөсүнө шагалдоо-100.0мин сом,Кош-Терек айылындагы балдар бакчасына видео камерага-45.0мин сом,Айыл өкмөтүн иш чарасына-40.0мин сом,Кажар айылына труба алууга-33.0мин сом,Баймак айылында көк бөрү оюнуна -20.0мин сом бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Атайын төлөм каражаттарынын эсебинен 749.3мин сом бала бакчаларга тамак аш азыктарын алуу үчүн ажыратылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
5.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |