Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы

 

2024-жылдын 15-январы № 107

Бирлик айыл  аймагындагы “Гороту” каналын  жана “Гороту” каналы жана ошол канал аркылуу айылдарга кеткен ички каналдары жана арыктарды реаблитациядан өткөрүүгө  даярдоо жөнүндө.

 

    Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин алдында өткөрүлгөн жыйындын протоколдук тапшырмасына ылайык Гороту каналын ошол канал аркылуу Сур, Ормош , Жаны-Сырт айылдарына , Жаны-Сырт айылы аркылуу Моло, Чечме,Бел айылдарына кеткен ички каналдары жана Бел, Чечме, Ынтымак  айылдарына кеткен “Жоокесек” арыгын реаблитациядан өткөрүү боюнча айтылган ой пикирлерди угуп, талкуулап,  Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бирлик айыл аймагындагы “Гороту” каналы жана ошол канал аркылуу Сур, Ормош , Жаны-Сырт айылдарына , Жаны-Сырт айылы аркылуу Моло, Чечме,Бел айылдарына кеткен ички каналдары жана Бел, Чечме, Ынтымак  айылдарына кеткен “Жоокесек” арыгын реаблитациядан өткөрүү үчүн баштапкы иш кагаздарын жана долбоордук ишин Бирлик айыл аймагынын 2024-2026- жылдардагы өнүктүрүу стратегиялык планынын 2024-жылы ишке ашырылуучу иш чаралар планына киргизилсин.

 

2. Бирлик айыл аймагындагы “Гороту” каналын жана айылдарга кеткен ички каналдарын жана “Жоокесек” арыгын реаблитациядан өткөрүү үчүн баштапкы иш кагаздарын жана долбоордук ишин даярдоо Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагыгынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары  Н.Гафуровго жүктөлсүн.

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов