Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 66 токтомуна) |
Фитосанитардык нотификация чараларын колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттерди ташып киргизүүнү жана жайылтууну болтурбоо максатында "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 159 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өсүмдүктөр карантинин камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелерин жана ченемдерин бекитүү жөнүндө" чечиминин IV главасынын 42-пунктуна ылайык фитосанитардык нотификация чарасын колдонуу тартибин аныктайт.
2. Нотификация жүк билдирилген фитосанитардык импорттук талаптарга шайкеш келбеген учурда, анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо, импорттолуучу жүк фитосанитардык сертификаттоо үчүн документтердин талаптарына ылайык келбеген учурда ишке ашырылат, ылайык келбестиктин себептерин аныктоого арналган, ошондой эле анын кайталанышын болтурбоого багытталган.
3. Нотификациялоону өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) фитосанитардык талаптарга ылайык келбестиктин белгиленген фактыларынын негизинде ишке ашырат.
4. Зарыл маалыматтарды чогултууну жана аны нотификациялоо үчүн белгилөөнү өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы ишке ашырат.
5. Ушул Тартиптин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында карантинге алынуучу продукцияны камтыган жүктөрдү ташып киргизүүнү, транзит менен өткөрүүнү жана жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.
2-глава. Нотификация үчүн негиздер
6. Фитосанитардык нотификация чараларын колдонуунун негизи болуп импорттолуучу жүктөрдөн карантиндик зыяндуу организмдерди жана төмөнкү шайкеш келбеген башка учурларды табуу болуп саналат:
- импорттук фитосанитардык талаптарды бузуу;
- жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди аныктоо;
- документтердин талаптарын бузуулар, анын ичинде:
фитосанитардык сертификаттардын жоктугу;
фитосанитардык сертификаттарда күбөлөндүрүлбөгөн өзгөртүүлөр же тазалоолор;
фитосанитардык сертификаттардагы маалыматтардын анык эместиги;
жасалма фитосанитардык сертификаттар;
ташып келүүгө тыюу салынган жүктөр;
жүктөрдөгү ташып киргизүүгө тыюу салынган материалдар (мисалы, топурак);
белгиленген дарылоонун жоктугу.
3-глава. Нотификация тартиби жана тариздөө
7. Карантинге алынуучу продукцияны импорттоодо эреже бузуулар табылган учурда өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамы тиешелүү маалыматты төмөнкү тартипте чогултат:
- бузуу катталган күнү;
- импорттоочу тарап;
- экспорттоочу тарап;
- тиешелүү фитосанитардык сертификаты бар жүктүн аталышы (ФССтын номери) же башка документтерге шилтеме, анын ичинде товарды жана өсүмдүктүн илимий аталышы (өсүмдүк продукциясы үчүн);
- жүк жөнөтүүчүнүн жана жүк алуучунун аталышы.
Мындан тышкары, тиешелүү атайын маалымат чогултулат:
- Текшерип кароо актысы менен кароо, карантинге алынуучу продукциянын сынамдарын жана үлгүлөрүн коштоочу документтери менен тандап алуу датасы;
- лабораториялык карантиндик фитосанитардык экспертиза күбөлүгү;
- табылган зыяндуу организмдин аталышы;
- жүк жуктурулгандыгы (жарым-жартылай же толугу менен) жөнүндө түшүндүрмө, документтер менен байланышкан көйгөйлөр жана анын фитосанитардык талаптарга ылайык эместиги;
- фитосанитардык документтерде баяндалган жана белгиленген фитосанитардык аракеттер (мисалы, басылган фирмалык бланк, этикетка, текшерип кароо актысы, протоколдор, мөөрү, штампы жана санкцияланган кол тамгасы бар журналдар).
Нотификация документтери нотификация болгон күндөн тартып бир жылдан кем эмес сакталууга тийиш.
Импорттолгон жүктөрдө табылган организмдерди идентификациялоо төмөнкүлөр жөнүндө толук маалыматка ээ болууга тийиш:
- диагностикада жана үлгүлөрдү тандоодо колдонулуучу жол-жоболор, анын ичинде диагносттун фамилиясы жана/же лабораториянын аталышы, ошондой эле зарыл болгон убакыттын ичинде (мүмкүн болгон карама-каршы аныктамаларды ырастоо мүмкүнчүлүгү үчүн нотификациядан кийинки бир жыл) тиешелүү нускалар же материалдар сыяктуу далилдер сакталууга тийиш;
- зыяндуу организмдин өнүгүү стадиялары, анын жашоо жөндөмдүүлүгү;
- жүзөгө ашырылган расмий иш-аракеттерди актай турган түргө же ошондой таксономиялык деңгээлге чейин идентификациялоо.
8. Карантинге алынуучу продукцияны иш жүзүндө жок кылынган жерге ташуу, ошондой эле карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу кызмат адамынын катышуусунда жок кылуу жөнүндө акт түзүү менен жүргүзүлөт.
9. Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу жөнүндө акт эки нускада түзүлөт, өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы, жүктүн менчик ээси (менчик ээсинин өкүлү) жана карантинге алынуучу продукцияны иш жүзүндө жок кылган адамдын өкүлү кол коет.
Жок кылуу жөнүндө актынын биринчи нускасы ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгында, экинчи нускасы -жүктүн менчик ээсинде (менчик ээсинин өкүлүндө) калат.
10. Жүктү транзит менен өткөрүү учурунда транзиттик өлкөнүн талаптарына ылайык келбеген ар кандай учурга же кандай гана болбосун кабыл алынган шашылыш аракеттерге карата экспорттоочу өлкөгө нотификация жөнөтүлөт.
11. Реэкспорттук фитосанитардык сертификат менен байланышкан учурларда экспорттоочу өлкөгө тиешелүү милдеттенмелер жана башка жоболор реэкспорттук өлкөгө карата колдонулат.
|
| Фитосанитардык нотификация чараларын колдонуу тартибине тиркеме |
Билдирилген фитосанитардык импорттук талаптарга жүктүн шайкеш келбестиги жөнүндө нотификация
Жүк жөнөтүүчү: a. Аталышы: b. Дареги: | 2. Маалымдама номери: Кармоо жөнүндө документтер а. Чыгыш номери: Жүк каяктан чыккан:
o b. Үчүнчү өлкөдөн o с. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн
Кабарлама жөнөтүлөт: o d. ӨКУУга o е. ӨККЕУга |
|
3. Жүк алуучу: a. Аталышы: | 4. Конверттеги жазуу: а. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюм: |
|
5. Экспорт: a. Экспорттоочу өлкө: b. Экспорттоо пункту: |
| |
b. Дайындалган өлкөсү: | 6. Келип чыгышы a. Келип чыккан өлкөсү: b. Келип чыккан жери: |
|
7. Транспорттук каражаттар а. Транспорттун түрү: b. Идентификациялоо: | 9. Жүктү идентификациялоо: a. Документтин тиби: b. Документтин номери: c. Документ берген өлкө: d. Берилген күнү: |
|
8. Ташып киргизүү пункту: a. Ташып киргизген өлкө: Кыргызстан b. Ташып киргизүү пункту/ Ташып киргизүү жери: |
| |
10. Жүктүн кармалган партиясынын (ларынын) баяндалышы: a. Таңгактын тиби: b. Жүктүн кармалган партиясынын (ларынын) баяндалышы: c. Жүктүн кармалган партиясынын (ларынын) баяндалышы:
| 11. Таза салмагы/Көлөмү/Жүктүн кармалган партиясындагы бирд. саны: a. Таза салмагы, көлөмү: b. Өлчөө бирдиктери: |
|
| ||
d. Өсүмдүк, өсүмдүк продуктусу же башка объект: | 12. Таза салмагы/көлөмү/жүктүн кармалган партиясындагы бирд. саны: a. ВНО: b. Өлчөө бирдиктери: |
|
13. Кармоо себеби
a. Кармоо себеби: b. Зыяндуу организмдин илимий аталышы: |
| |
14. Жүккө карата көрүлгөн чаралар: а. Чара: | 16. Кабарлоо жөнөтүүчү: a. Расмий мөөрү: |
|
15. Кармоо жөнүндө маалымат: a. Контролдоо жери/пункту: b. Расмий кызматтын аталышы: | b. Жооптуу аткаруучу: c. Дата: |
|
с. Дата: |
|
|