Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 12-декабры № 780-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 780-т менен жактырылган |
2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча (2021-жылдын 3-июнундагы № 6-2022и/21), Бюджет жана финансы боюнча (2021-жылдын 3-июнундагы № 6-2012и/21) комитеттеринин корутундулары бар. Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасында достук мамилелерди жана маданият, илим, билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара негизде тараптардын мамлекеттеринин тили, тарыхы жана маданияты менен таанышууга, түз байланыштарды түзүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү, эне тилин жана улуттук маданий өз алдынчалыгын сактоодо чет өлкөдө жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү максатында маданий борборлорду уюштурууну карайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууга кыргыз тарап келечекте кыргыз маданий борборун ачуу мүмкүнчүлүгүнүн ченемдик базасын түзүү перспективасында кол койгон.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансылык-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт. Ошону менен бирге Анкара шаарында кыргыз маданий борбору ачылган учурда маданий борбордун ишин жөнгө салуучу документтерди кошумча иштеп чыгуу, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүү, атап айтканда маданий борбор үчүн участокту ижарага алууга же сатып алууга жана имаратты курууга, кызматкерлерди жалдоо боюнча, маданий борбордун ишине чыгымдарды жана коммуналдык кызматтарды төлөө зарылдыгы келип чыгат.