Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги (кезексиз)–XXX сессиясынын

 

2024-жылдын 02-февралындагы №30-5

 

Айылдык кенешинин депутаты А.Токторбаевдин кайрылуусу жөнүндө

 

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХX сессиясынын,бешинчи маселеси боюнча айыл кенештин төрагасы Э.Исманов А.Токторбаевдин кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу Кош-Терек,Ызар,Кош-Алмурут,Баймак айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш планы айыл өкмөт тарабынан түзүлсүн.

2.Иш планын 2024-жылдын 22-февралга чейин ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүн башчысы Б.Назарбековго милдетендирилсин

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык мүлк,айыцлчарбасы жана экологиясы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Бекиевге милдеттендирилсин.

4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

 Э.Исманов