Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы

 

2024-жылдын 15-январы № 113

Бирлик айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга орто мөөнөтүү өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.

                                                                                     

        Бирлик  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга орто мөөнөттүү өнүгүү программасын бекитүү боюнча уюштуруу тобу тарабынан иштелип чыккан программанын долбоорун карап чыгып ,  Бирлик айыл аймагынын айылдарынын жана айыл аймактагы мекеме- ишканалардын ички инфраструктурасынын өнүгүшүнө карата жасалуучу иш- аракееттер боюнча айтылган ой- пикир,сунуштарды угуп, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бирлик  айыл аймагынын  2024-2025-2026-жылдарга орто мөөнөттүү  өнүгүү программасы бекитилсин.

 

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Бирлик айыл аймагынын  айылдык

Кеңешинин төрагасынын орун басары  Н.Гафуровгожүктөлсүн.

 

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов