Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги (кезексиз)–XXX сессиясынын
2024-жылдын 02-февралындагы №30-6
Кош-Алмурут айылыны тургуну,маркум Мамбеталиев Сапарбек
жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХX сессиясынын,алтынчы маселеси боюнча айылдык кенешинин төрагасы Э.Исманов Кош-Алмурут айылынын тургуну Мамбеталиев Тнын кайрылуу каты менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Алмурут айылыны тургуну,маркум эмгектин ардагери Мамбеталиев Сапарбектин ысымы Ала-Тоо көчөсүнө коюуга макулдук берилсин.
2. Көчөнүн чек араларын тактап берүү айыл башчыга жана көчөнү оң абалда кармоо жагы балдары Мамбеталиев Топчубекке жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо жарандардын кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |