Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы
2024-жылдын 15-январы № 107
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылы түзүлгөн иш –планынын негизинде аткарылган иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планы талкууланып, айтылган сунуштар эске алынып, кошумчалар менен карап чыгылып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2.Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш- планынын негизинде туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-пландарын иштеп чыгуу комиссиянынын төрагаларына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |