Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 66 токтомуна) |
Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" жобонун VI главасынын 6.2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттерди алып келүүнү жана жайылтууну болтурбоо максатында карантиндик объекттер жуккан, зыянсыздандырылууга же кайра иштетилүүгө тийиш болбогон карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонууну аныктайт.
2. Фитосанитардык контролдоо постторунда жуктурулган карантинге алынуучу продукцияны (анын ичинде почта жөнөтүүлөрүнөн, кол жүгүнөн жана багаждан) алып коюу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан карантиндик объекттер жуккан, зыянсыздандырылууга же кайра иштетилүүгө тийиш болбогон карантинге алынуучу продукцияны 1-тиркемеге ылайык форма боюнча алып коюу актысын түзүү менен жүргүзүлөт.
3. Эгерде жуктурулган карантинге алынуучу продукция жеткирүүчүгө кайтарылып берилиши мүмкүн болбосо, ал эми зыянсыздандыруу же кайра иштетүү карантиндик объекттерди толук жок кылууну кепилдебесе жана алардын кирүү жана жайылуу коркунучу бар болсо, бул продукция 2-тиркемеге ылайык карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу актысын түзүү менен жок кылынууга тийиш.
4. Продукциянын менчик ээси зыянсыздандырууну же жок кылууну жүргүзүүдөн баш тарткан учурда же аларды жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынуучу продукцияны кайтарып берүү актысын түзүү менен карантинге алынуучу продукцияны кайтарып берүү жөнүндө 3-тиркемеге ылайык жазма буйрук берет.
5. Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукциядан ээси баш тарткан учурда карантинге алынуучу продукцияны сактоо, ташып чыгуу же жок кылуу жол-жобосуна байланышкан маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилет.
6. Фитосанитардык контролдук посттордо алып коюу актысынын негизинде кызмат адамы жуктурулган карантинге алынуучу продукцияны изоляциялоо жана сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу менен жуктурулган карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Жуктурулган карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу анын ээсинин катышуусунда жүргүзүлөт.
7. Жуктурулган карантинге алынуучу продукцияны сактоо, ташуу, жок кылуу жана көмүү менен байланышкан бардык чыгымдар ушул продукциянын ээсинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында карантинге алынуучу продукцияны камтыган жүктөрдү ташып келүүнү, транзиттөөнү жана жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде жеке ишкерлерге колдонулат.
2-глава. Карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу ыкмалары
9. Карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу ыкмалары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- жок кылынуучу карантинге алынуучу продукциянын өзүнүн баштапкы, керектөөчүлүк касиеттерин толук жоготуусун, андан кийин ал баштапкы багыты боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес;
- карантинге алынуучу продукциянын баштапкы, керектөөчүлүк касиеттерин кийин калыбына келтирүү мүмкүндүгүн болтурбоону;
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарын сактоону.
10. Карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу термикалык, химиялык же механикалык таасир этүү (кийин көмүү менен өрттөө, бузуу) жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
3-глава. Карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу тартиби жана тариздөө
11. Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу карантинге алынуучу продукцияда карантиндик объекттердин бар экендигин ырастоочу корутунду алынган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, ал эми жүргүнчүлөрдүн багажында жана кол жүгүндө аныкталган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынган карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу - 5 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
12. Карантинге алынуучу продукцияны убактылуу сактоочу жайдан иш жүзүндө жок кылынуучу жайга ташуу жана жок кылуу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын катышуусу менен жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу жөнүндө актыны эки нускада түзөт.
14. Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу жөнүндө актыга өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы, жүктүн менчик ээси (менчик ээсинин өкүлү) жана карантинге алынуучу продукцияны иш жүзүндө жок кылууну жүргүзгөн адамдын өкүлү кол коёт.
Жок кылуу жөнүндө актынын биринчи нускасы ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгында, экинчи нускасы жүктүн менчик ээсинде (менчик ээсинин өкүлүндө) калат.
|
| Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонуу тартибине 1-тиркеме |
Карантинге алынуучу продукцияны жок кылуу жөнүндө акт № ___________
____________________________________________________________________ (өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
Карантинге алынуучу продукция жок кылынгандыгы тууралуу бул акт 20___-ж. "___" _________________
төмөндө аталган адамдардын катышуусунда түзүлдү ____________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(карантинге алынуучу продукциянын аталышы, саны, салмагы)
_______________________________________________________________________________
Жок кылуу ыкмасы ______________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Жок кылынган жери ______________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Жок кылынган датасы ____________________________________________________________
Жок кылууда катышкандар:
(өсүмдүктөрдүн карантини боюнча (колу) (аты-жөнү)
ыйгарым укуктуу органдын М.О.
өкүлүнүн кызмат орду)
_________________________________ ______________________ ________________________
(жүктүн менчик ээсинин (жүктүн (колу) (аты-жөнү)
менчик ээсинин өкүлү) кызмат орду)
_________________________________ ______________________ ________________________
(карантинге алынуучу продукцияны (колу) (аты-жөнү)
жок кылган адамдын өкүлүнүн
кызматы орду)
|
| Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонуу тартибине 2-тиркеме |
Карантиндик объект жуккан, зыянсыздандырууга же кайра иштетүүгө жатпаган карантинге алынуучу продукцияны алып коюу жөнүндө акт
___________________________________________________________________ (өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
Кимге: ээси _________________________________________________________________________
Карантинге алынуучу продукцияны алып коюу төмөнкү себептер боюнча жүргүзүлдү:
продукция жугузулган _________________________________________________________________
Ушул карантинге алынуучу продукцияны импорттоого тыюу салынган.
Фитосанитардык сертификат төмөнкү себептерден улам жараксыз:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Башка себептер: ______________________________________________________________________
Көрүлгөн чаралар: _____________________________________________________________________
(жок кылуу, кайтаруу, зыянсыздандыруу, тазалоо)
Башкалары: ___________________________________________________________________________
Алып коюлган карантинге алынуучу продукциянын аталышы жана саны: ______________________
______________________________________________________________________________________
(бүткүл продукция же анын бөлүгү)
Карантинге алынуучу продукция жөнүндө маалыматтар: ____________________________________
Экспорттоочунун дареги: _______________________________________________________________
Карантинге алынуучу продукцияны алуучунун дареги: _____________________________________
Фитосанитардык сертификат № _________________________________________________________
Берилди (уюмдун аталышы) _______________ Берилген күнү _______________________________
Өсүмдүктөр карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын адиси
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу) (кызмат орду)
М.О. 20___-жылдын "_____" _________________
|
| Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонуу тартибине 3-тиркеме |
Карантинге алынуучу продукцияны кайтарып берүү жөнүндө акт № __________
___________________________________________________________________ (өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
Бул акт өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан _____________
_______________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу) (кызмат орду)
өкүлүнүн катышуусунда _____________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
(бажы жана чек ара органдарынын)
____________________________________________________________________________________ түзүлдү
20___-жылдын "____" _____________ __________________________________________________ дан келген
Карантинге алынуучу продукция _______________________________________________________________
Транспорт каражатынын № ____________________________________________________________________
саны _________________ тонна/килограмм, _________________________________________________ орун
Жөнөтүүчү ___________________________________________________________________________________
Экспедитор __________________________________________________________________________________
Кабыл алуучу ________________________________________________________________________________
Аталган жүк "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине
ылайык ылайык ______________________________________________________________________________
________________________________________________________________________ себептен кайтарылды.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын адиси
_______________________________________________________________________________
(аты-жөнү) (колу) (кызмат орду)
Акттын көчүрмөсү тапшырылды _______________________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
М.О. 20___-жылдын "___" _____________