Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 66 токтомуна) |
Өсүмдүктөр карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына карантинге алынуучу продукцияга, карантинге алынуучу объекттерге карантиндик объекттердин жугуп калуу жана (же) булгануу белгилери аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо ТАРТИБИ
1. Өсүмдүктөр карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) карантинге алынуучу продукцияга, карантинге алынуучу объекттерге карантиндик объекттердин жугуп калуу жана (же) булгануу белгилери аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо тартиби (мындан ары - Тартип) иши карантинге алынуучу продукцияны өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, сатуу жана пайдалануу менен байланышкан аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жактар, жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер (мындан ары - билдирүүчү) үчүн карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынуучу объекттерге карантиндик объекттердин жугуп калуу жана (же) булгануу белгилери (мындан ары - жугуунун жана (же) булгануунун белгилери) аныкталгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга дароо, анын ичинде электрондук формада кабарлоо үчүн милдеттүү эрежелерди белгилейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) жуктуруу - карантинге алынуучу продукцияда, карантинге алынуучу объекттерде жашоого жөндөмдүү зыяндуу организмдердин болушу;
2) булгануу - товарда, таңгакта, транспорт каражатында, контейнерде же сактоо жеринде зыяндуу организмдердин же каралбаган карантинге алынуучу материалдардын болушу.
3. Жугуу жана (же) булгануу белгилери аныкталган учурда билдирүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү дароо, жугуунун жана (же) булгануунун мындай белгилери аныкталган күндөн тартып бир календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин тиркемесине ылайык жугуу жана (же) булгануу белгилеринин аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоону (мындан ары - кабарлоо) жөнөтүүгө милдеттүү.
Жугуу жана (же) булгануу белгилери билдирүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан өз алдынча аныкталат.
4. Билдирүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй жолдордун бири менен кабарлоону жөнөтөт:
- почта аркылуу;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылган ыйгарым укуктуу органдын электрондук почта дарегине.
Кабарлоо билдирүүчү жеке өзү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык бөлүмдөрүнө берилиши мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу орган кабарлоону алгандан кийин 24 сааттын ичинде:
- карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү үчүн алынган маалыматтарды текшерет;
- мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө көрүлгөн чаралар тууралуу билдирүүчүгө маалымдайт.
|
| Өсүмдүктөр карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына карантинге алынуучу продукцияга, карантинге алынуучу объекттерге карантиндик объекттердин жугуп калуу жана (же) булгануу белгилери аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо тартибине тиркеме |
КАБАРЛОО
20___-ж. "____" __________________
Кимге: ______________________________________________________________________________
(өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Кимден _____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(билдирүүчүнүн толук маалыматы, почта дареги, электрондук почта дареги, телефон номери)
(Өсүмдүктөрдү жеткирүүдө, (участокту) текшерүүдө кампаны (сактоочу жайды)
текшерүүдө, башка ___________________________________________________________________
(керексизин сызып салуу)
карантинге алынуучу продукцияга жана (же) карантинге алынуучу объекттерге _______________
____________________________________________________________________________________
(продукциянын, карантинге алынуучу объекттин аталышы)
карантиндик объекттердин жугуп калуу жана (же) булгануу белгилерин аныктаганымды кабарлайм
1. Карантинге алынуучу продукциянын же карантинге алынуучу объекттин жайгашкан жери: ___
_____________________________________________________________________________________
2. Карантинге алынуучу продукциянын саны же көлөмү, карантинге алынуучу объекттин аянты: _
______________________________________________________________________________________
3. Карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынуучу объекттин карантиндик объекттер
менен жугуу жана (же) булгануу белгилери:
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
__________________________________ ___________________________
Колу (Аты-жөнү)