Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 66 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүү (мындан ары - мониторинг) карантиндик объекттерди табуу, алардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн жана (же) жайылышын болтурбоо максатында жүргүзүлөт.
2. Мониторинг өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
3. Мониторинг жүргүзүүнүн максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- зыяндуу организмдердин, карантиндик объекттердин популяцияларынын мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
- карантиндик объекттерди өз убагында аныктоо;
- өсүмдүктөргө жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга зыянды болжолдоо;
- колдонулуучу карантиндик фитосанитардык чаралардын натыйжалуулугун талдоо.
4. Мониторинг Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик объекттерге байкоо жүргүзүү, талдоо, баалоо жана жайылышын болжолдоо системасын өзүнө камтыйт.
5. Мониторингдин предмети карантиндик объекттердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, алардын жайылышына жана өнүгүшүнө байкоо жүргүзүү, ошондой эле карантиндик объекттер менен күрөшүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды даярдоо болуп саналат.
6. Мониторинг төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын аймагынын учурдагы фитосанитардык абалына байкоо жүргүзүү;
- зыяндуу организмдердин мурда аныкталган популяцияларына байкоо жүргүзүү;
- зыяндуу организмдердин очокторун, карантиндик объекттерди инвентаризациялоонун жыйынтыктарын актуалдаштыруу;
- илимий-изилдөө, кесиптик билим берүү уюмдарын, эксперттерди жана адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү менен экспедициялык изилдөөлөр.
7. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы мониторинг жүргүзүүдө зарыл болгон учурда сүрөткө жана видеого тартат.
8. Мониторинг Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмегине киргизилген ар бир карантиндик объект боюнча жүргүзүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын аймагына мониторинг ар кандай максаттуу багыттагы жер участокторунда, имараттарда, курулуштарда, курулмаларда, резервуарларда, топтоочу жайларда (имараттарда), жабдууларда, транспорт каражаттарында, контейнерлерде, карантиндик зыяндуу организмдердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына жайылуу булагы болушу мүмкүн болгон башка объекттерде жүргүзүлөт, анын ичинде:
- карантинге алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө келген жерлерде жана (же) бажылык тариздөө жайларында;
- карантинге алынуучу продукция, анын ичинде мындай продукция үчүн мүнөздүү болгон карантиндик объекттер аныкталган чет мамлекеттен же чет мамлекеттердин тобунан чыгарылган карантинге алынуучу продукция себилген жана отургузулган жерлерде.
10. Мониторингди жүргүзүүдө төмөнкүлөр колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын аймактарынын, чет мамлекеттердин фитосанитардык абалы жөнүндө маалыматтар;
- мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалары;
- карантинге алынуучу продукцияны, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдүн маалыматтары;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары.
11. Мониторинг ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген кийинки календардык жылга Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүү планына (мындан ары - план) ылайык учурдагы жылдын 1-декабрынан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Мониторинг жүргүзүү жөнүндө план төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- мониторинг жүргүзүлүп жаткан аймактын аталышы, жайгашкан жери;
- мониторинг жүргүзүү болжолдонгон карантинге алынуучу объекттин аталышы;
- мониторинг жүргүзүү мөөнөттөрү;
- мониторингдин максаттарына жетүү үчүн жүргүзүлүүчү иш-чаралар.
12. Бекитилген план өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий сайтына жайгаштырылат.
13. Мониторингдин алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- карантиндик объекттердин өнүгүшүнө жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагына жайылышына өбөлгө түзүүчү факторлордун таасирин аныктоо жана баалоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттердин кирүү жана ал боюнча жайылуу жолдорун аныктоо;
- карантиндик объекттердин очокторун аныктоо;
- карантиндик объекттердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, карантиндик объекттердин өнүгүшүнө жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагына жайылышына байкоо жүргүзүү.
14. Эгерде мониторинг жүргүзүүдө карантиндик объекттерге окшош морфологиялык белгилерге, оорулардын симптомдору же карантиндик объекттер менен карантинге алынуучу продукциянын бузулуу белгилерине ээ организмдер табылса, аймактык ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы аларды лабораториялык изилдөө үчүн карантинге алынуучу продукциянын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн алат.
15. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында лабораториялык изилдөөнү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу продукциянын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн алууда аймактык ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан карантинге алынуучу продукциянын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн алуу актысы таризделет.
16. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында лабораториялык изилдөө үчүн карантинге алынуучу продукциянын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн алууда сынамдар жана (же) үлгүлөр алынган карантинге алынуучу продукциянын жүгүртүлүшү токтотулбайт жана аларды пайдаланууга кандайдыр бир чектөөлөр же шарттар коюлбайт.
17. Мониторингдин натыйжалары боюнча отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө мониторингдин жыйынтыктары боюнча отчет таризделет, ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- карантинге алынуучу объекттин аталышын жана аянтын;
- аныкталган карантиндик объекттердин аталышын (бар болсо);
- жугуунун жана (же) булгануунун аянтын (бар болсо);
- карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү зарылдыгы же мындай зарылчылыктын жоктугу жөнүндө сунуштарды.
18. Карантинге алынуучу продукциянын, карантиндик объекттин менчик ээси (ээси) же анын ыйгарым укуктуу өкүлү мониторинг жүргүзүүгө катышууга укуктуу.
19. Мониторинг жүргүзүүдө аймактык ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары мониторингдин предметине тиешеси жок документтерди, маалыматтарды берүүнү талап кылууга укугу жок.
20. Мониторинг жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган келишимдик шарттарда илимий-изилдөө, кесиптик билим берүү уюмдарын, эксперттерди жана адистерди тартууга укуктуу.
21. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр тууралуу чечимдер кабыл алынат:
- карантиндик фитосанитардык чектөөчү иш-чараларды киргизүү же узартуу жөнүндө;
- жаңы ченемдик актыларга, ички нускамаларга жана регламенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү/же иштеп чыгуу жөнүндө;
- жаңы зыяндуу организмдердин кирүү тобокелдиги жогорулаган учурда контролдоо жана көзөмөлдөө стратегиясын оңдоо жөнүндө;
- өндүрүүчүлөрдү, ТЭИнин катышуучуларын жана башка кызыкдар тараптарды окутууну жана маалымдоону күчөтүү;
- уюмдар ортосундагы улуттук жана эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты жана координацияны бекемдөө;
- өндүрүштүк процесстердин натыйжалуу өндүрүмдүүлүгүнө жетишүү жана колдоо максатында ресурстарды оңдоо, оптималдаштыруу жана бөлүштүрүү жөнүндө.