ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын кезектеги 18-сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 16
Садабаев Малик Мухтарбекович жеке менчик жерин өз ыктыяр менен коомдук муктаждыкка берип жатканына байланыштуу ордуна башка жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун эске алып, айылдык кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Саркынды сууларды тазалоочу курулманы курууга трансформацияланып жаткан 4.20 га (№464-0,90 га, №466-0.40 га, №467-0,30 га, №465-0.80 га, №469-1,80 га) жер тилкесине катар жайгашкан жеке менчигине таандык болгон 1350 чарчы метр жерин Садабаев Малик Мухтарбекович өз ыктыяры менен коомдук муктаждыкка берип жаткандыгына байланыштуу
айыл өкмөтүнүн карамагына алууга макулдук берилсин.
2. Ал жердин ордуна Садабаев Малик Мухтарбековичке башка жерден жер участкасын берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.И.Алмабеков |