Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 22-февралы ПЖ № 36
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Апелляциялык инстанциядагы соттордун ишин чыңдоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулсун:
- Чүй облустук сотуна:
Джаналиев Бекболот Болотбекович Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан;
Касымалиев Бакыт Мукамбетович Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Рыспекова Аниса Рыспековна Чүй облусунун Токмок шаардык сотунан;
- Бишкек шаардык сотуна:
Алиев Авчи Мустафаевич Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;
Бейшеева Зарема Асаналиевна Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна
Токтосунов Шарабидин Бекташевич Бишкек шаардык сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |