Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу
Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин тартибин, ошондой эле Кызматтын укуктук статусун, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, аскер кызматчыларынын статусун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнү белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону, юстиция министринин буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички ведомстволук актыларын жетекчиликке алат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук түзүмү уюштуруу-укуктук формасы боюнча мекеме болуп саналат.
Кызмат юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, Күжүрмөн Туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылган эсеби бар.
4. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) жетекчилиги жана координациясы алдында жүргүзөт жана ага жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (мындан ары - ЖАК), түзөтүү мекемелеринин администрациялары, Кыргыз Республикасынын соттору, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн субъекттери менен өз ара аракеттенүү менен, ал эми аскердик жана өзгөчө абалдар жарыяланганда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарат.
5. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Служба охраны и конвоирования при Министерстве юстиции Кыргызской Республики".
Мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККК";
- расмий тилде: "СОК".
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720021, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94.
2-глава. Негизги милдеттери жана функциялары
7. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) түзөтүү мекемелерин жана Министрликтин имараттарын кайтаруу;
2) өз компетенциясынын чегинде соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди аткарууда экстрадициялоо;
3) коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына көмөктөшүү.
8. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча өздүк курамды күжүрмөн даярдыкта кармоо;
2) түзөтүү мекемелерин жана режимдик мекемелерди коргоону камсыздоо;
3) соттолгондорго жана камакка алынган адамдарга тыюу салынган предметтерди өткөрүп берүүнү алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды колдонуу жана аларды режимдик объекттердин аймагына ыргытуу аракеттерин алдын алуу;
4) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды компетенциясынын чегинде Бишкек шаарында жайгашкан түзөтүү мекемелерине, тергөө изоляторлоруна жана сотторго, алардын көчмө сессиялары болгон жерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда конвой менен коштоп жүрүү;
5) өз компетенциясынын чегинде башка укук коргоо органдары менен бирге өз ара аракеттенүүдө ыкчам-издөө ишин уюштуруу, жүргүзүү жана алгачкы териштирүүнү жүргүзүү;
6) массалык эпидемиялардын жана эпизоотиялардын шарттарында карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө, массалык кыйратуучу куралды колдонуунун кесепеттерин, ири өрттөрдү жана табигый кырсыктарды жоюуда түзөтүү мекемелеринде тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоого катышуу;
7) түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун, ошондой эле камакка алынган адамдардын аба, темир жол же автомобиль транспортунда коштоп жүрүүдө, сот мекемелеринде массалык баш ийбөөчүлүгүнө жана баш аламандыгына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
8) жазык-аткаруу системасынын ишине тийиштүү Кыргыз Республикасынын пландарынын жана мамлекеттик программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
9) экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү (бирге) боюнча чараларды көрүү;
10) түзөтүү мекемелеринин коргоо, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү маселелери боюнча чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын сот органдарынын жана ЖАКтын соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү маселелери боюнча өтүнмөлөрүн кароо жана аткаруу;
12) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен түзөтүү мекемелерин коргоо жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү кызыкчылыктарында өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
13) Кызматты байланыштын бардык түрлөрү, байланыштын жана автоматташтыруунун каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;
14) Кызматтагы мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыздоо;
15) Кызмат үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
16) күжүрмөн, оорук, техникалык, материалдык, финансылык, медициналык, маалыматтык, моралдык-психологиялык жана камсыздоонун башка түрлөрүн уюштуруу, ошондой эле оңдоо иштерин, чарбалык жана башка ишти жүргүзүү, казармалык-турак жай фондун күтүү жана эксплуатациялоо;
17) Кызматта курал-жаракты, күжүрмөн жана атайын техниканы, материалдык-техникалык жана атайын каражаттарды колдонууну пландоо жана уюштуруу, ошондой эле аларды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аларды сатып алуу;
18) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча Кызматтын компетенциясына кирген иштер боюнча бузууларды, өндүрүштү аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана иликтөө боюнча ишти уюштуруу жана жүргүзүү;
19) Кызматтын бирдиктүү маалыматтык саясатын түзүү, Кызматтын кызматтык-күжүрмөн иши жөнүндө коомчулукка маалымдоо, басма сөз ишин уюштуруу жана жүргүзүү;
20) Кызматтын аскер кызматчыларын жана кызматчыларын, пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана камсыздоо;
21) илимий, окуу материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү;
22) санариптик технологияларды, электрондук башкарууну жана документ жүгүртүүнү ишке киргизүү;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
Кызматтын аскер кызматчыларын ушул пункттун 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга тартуу Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими менен жүргүзүлөт.
9. Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча милдеттерди аткаруучу Кызматтын аскер кызматчылары белгиленген ченемдерге ылайык зарыл болгон атайын каражаттар, курал-жарак, байланыш каражаттары жана атайын коргоо каражаттары, күжүрмөн жана атайын техника менен камсыздалат.
3-глава. Кызматтын укуктары
10. Негизги милдеттерди аткаруу жана функцияларды ишке ашыруу максатында Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер комиссариаттарына аскерге чакырылгандарды түздөн-түз тандоого;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык өзүнүн карамагына кирген иштер боюнча алгачкы териштирүүнү жүргүзүүгө;
3) түзөтүү мекемелерине кирген жана чыккан транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн толук кароо жүргүзүүгө жана бардык адамдарда тыюу салынган буюмдарын тинтүү жүргүзүүгө;
4) тыюу салынган буюмдарды жана предметтерди белгиленген тартипте алып коюуга жана аларды тийиштүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берүүгө;
5) аскер кызматчыларынын, кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана Кызматтын инфраструктуралык объекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
6) жазык-аткаруу системасында кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
7) мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана милдеттерди алууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, ыкчам башкаруу укугунда мүлккө, өз алдынча баланска ээ болууга.
Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
11. Кызматтын аскер кызматчыларына төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) кара күчтү, куралды, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонууга;
2) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана юридикалык жактардын көмөктөшүүсү үчүн кайрылууга;
3) эгерде алар конвойдон качып кеткен деп шектелсе, издөө чараларын жүргүзүүдө жарандардын инсандыгын ырастоочу документтерин текшерүүгө жана инсандыгын ырастоо үчүн тергөө органдарына жеткирүүгө;
4) мыйзамда соттун чечимин алуу каралган башка учурларды кошпогондо, камактан качып кетти деп шектелген адамдарды куугунтуктоо үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жайларына кирүүгө;
5) өзгөчө шарттарда, жогоруда аталган адамдарды кармоо максатында куугунтуктоону уюштуруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын байланыш, транспорт каражаттарын (атайын жана дипломатиялык транспорттон тышкары) пайдаланууга.
12. Кызматтын түзөтүү мекемелеринин, бөлүмдөрүнүн, кароолдорунун жана наряддардын аймагында өзгөчө шарттар же башка кырдаалдар келип чыккан учурда Кызматтын жетекчилигинин чечими боюнча жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү менен чараларды көрөт.
13.Атайын каражаттардын тизмеги жана аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4-глава. Ишти уюштуруу
14. Кызматты юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.
Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча юстиция министринин чечими менен кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Кызматтын төрагасынын орун басарлары болот, анын ичинде бирөө биринчи орун басар, ал штабдын башчысы болуп саналат.
15. Төрага жок болгон учурда анын милдеттерин төраганын биринчи орун басары - штабдын башчысы аткарат, ал эми ал өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда төраганын буйругу менен төраганын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
16. Кызматтын уюштуруучулук-штаттык түзүмү Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан бекитилет.
17. Төраганын орун басарлары Кызматтын төрагасына баш иет. Алар иш чөйрөсүндө тапшырылган милдеттерди чечүү жана аларга түздөн-түз баш ийген бөлүмдөрдүн кызматтык-күжүрмөн ишин уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Төраганын орун басарлары өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет.
18. Төрага Кызматтын бардык өздүк курамынын жана ага баш ийген бөлүмдөрдүн түздөн-түз башчысы болуп саналат, Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, ушул Жобого, юстиция министринин буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук ички актыларына ылайык жеке башчылык негизде жүргүзөт.
19. Төрага:
1) Кызматтын ишин уюштурат жана ага жалпы жетекчиликти жүргүзөт, Кызматтын иш регламентин аныктайт;
2) Кызматтын Башкы башкармалыктары, башкармалыктары, ведомстволук бөлүмдөрү жана өз алдынча бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
3) орун басарларынын жана Кызматтын башка кызмат адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
4) республикалык бюджеттен Кызматка бөлүнүүчү каражаттарды, анын ичинде эл аралык гранттардан жана техникалык жардамдардан, ошондой эле эл аралык программалардан алынуучу каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп саналат;
5) аскер кызматчыларынын жана кызматчылардын чектүү штаттык санын белгилөө жөнүндө сунуштарды юстиция министрине андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштоо жана бекитүү үчүн берет;
6) юстиция министрине уюштуруучулук-штаттык түзүмдү бекитүү боюнча сунуштарды киргизет;
7) Кызматтын куралдануусуна жана камсыздоосуна кабыл алынган курал-жарактардын, күжүрмөн, атайын техниканын, атайын жана материалдык техникалык каражаттардын штаттарын жана штаттын табелдерин бекитет;
8) Кызматтын кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ал эми зарыл болгон учурда - башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
9) Кызматтын кызматтык ишин аткаруунун же жүргүзүүнүн тартибин жана ыкмаларын белгилеген документтерди, эрежелерди, нускамаларды жана колдонмолорду чыгарат;
10) юстиция министринин номенклатурасына кирген кызмат орундарынан тышкары, Кызматтын аскер кызматчыларын жана кызматчыларын кызмат ордуна дайындайт, кызмат ордунан бошотот;
11) юстиция министринин номенклатурасына кирген аскер кызматчыларынын наамдарын кошпогондо, белгиленген тартипте биринчи жана кезектеги аскердик наамдарды ыйгарат;
12) Кызматтын кызматчыларынын иштөө тартибин аныктайт;
13) Кызматты комплекттөө үчүн кадрларды даярдоону уюштуруу боюнча иштерди жетектейт;
14) негизги каражаттарды мыйзамдарга ылайык Кызматтын балансындагы эсептен чыгарат;
15) өздүк курам үчүн материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүнү жана зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүүнү камсыздайт;
16) өзүнө баш ийген кызматкерлерге карата эмгек мыйзамдарында, ал эми аскер кызматчыларына карата - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставында аныкталган өлчөмдө ыйгарым укуктарды колдонот;
17) Кызматтын атынан чыгат жана анын мамлекеттик муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт, ошондой эле эл аралык уюмдарда, чектеш жана башка мамлекеттердин укук коргоо жана аскердик органдарында Кызматтын атынан чыгат;
18) эл аралык аскердик, аскердик-техникалык кызматташуу жаатында Кызматтын ишин жетектейт;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик, аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы эл аралык келишимдерге кол коёт;
20) Кызматтын аскер кызматчыларын жана кызматчыларынын, ошондой эле Кызматтын алдындагы милдеттерди чечүүгө көмөктөшкөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө юстиция министрине сунуш киргизет;
21) кызматтык-күжүрмөн иштердеги мыкты ийгиликтери, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн аскер кызматчыларын, ошондой эле Кызматтын ишине кошкон жеке салымы үчүн жарандарды сыйлоо үчүн Кызматтын сыйлыктарын (медалдарын), төш белгилерин жана аскердик белгилерин уюштурат;
22) Кызматтын сыйлыктары жана алардын сыпаттамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
23) юстиция министрине жазык-аткаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага берилген башка ыйгарым укуктарды аткарат;
25) Кызматтын борбордук аппаратында жана бөлүмдөрүндө айгай белгилери боюнча чогулууну жарыялайт.
5-глава. Материалдык-техникалык каражаттар жана
каржылоо
20. Кызматка мүлк (материалдык-техникалык каражаттар) ыкчам башкаруу укугу менен бекитилет.
Кызматтын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, өзүнө бекитилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
21. Кызмат материалдык-техникалык ресурстарды, азык-түлүк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ченемдер боюнча камсыздалат.
22. Кызмат учурдагы ченемдер боюнча курал-жарак, ок-дарылар, инженердик жана химиялык мүлк, күжүрмөн жана атайын техника, аппаратура, кайтаруунун техникалык каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыздалат.
23. Кызматты каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен өзүнчө сап менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Кызмат өзүнө жүктөлгөн функцияларын жүзөгө ашырууда өзүнүн ишинин финансылык, бухгалтердик, статистикалык, ыкчам жана башка эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга отчетторду берет.
25. Кызматтын бөлүмдөрүн батирге жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча жүргүзүлөт.
Түзөтүү мекемелерин кайтаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн бөлүмдөргө объекттери Кызматтын бөлүмдөрү тарабынан кайтарылуучу мекемелердин эсебинен өздүк курамды жана башкаруу органдарын жайгаштыруу үчүн аскер шаарчалар, имараттар жана курулмалар бөлүнөт.
26. Кызмат командалык, коменданттык-диспетчердик, алмашуучу жана өткөрүп берүүчү пункттарды, окуу полигондорун, бута атмаларды, аткыч тирлерди, кызматтык багыттагы иттерди кармоо боюнча питомниктерди жана башка окуу объекттерин жабдуу үчүн жер тилкелерин Кызматтын бөлүмдөрүнө бөлүп берүү маселелери боюнча юстиция министрине сунуштарды киргизет.
27. Кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген үлгүдөгү кийимдерди кийишет.
28. Кызматтын аскер кызматчылары оорунун мүнөзүнө, медициналык кызматкерлердин көрсөтмөлөрүнө жана ыкчам-кызматтык жагдайга жараша жазык-аткаруу системасынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелерине дарыланууга кабыл алынат.
29. Кызматтын аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Корутунду жоболор
30. Кызматтын иши ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат. Кызматтын иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.