Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген) |
Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен
коштоп жүрүү, түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү, түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо тартиби (мындан ары - Тартип) жазык-аткаруу системасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык конвой менен коштоп жүрүүнүн жана кайтарууну жүзөгө ашыруунун уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт.
2. Конвой менен коштоп жүрүүнүн максаты соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароолдун кайтаруусунун алдында коштоп жүрүү жана бул адамдардын качып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелерин (мындан ары - ТМ) кайтаруунун жана коргоонун максаты ТМнын коопсуздугун, тышкы кол салуулардан коргоону камсыз кылуу, качып кетүү жана мыйзамсыз кирүү аракеттерин, тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз ыргытууларды, бекитип өткөрүүлөрү жана өткөрүп берүүлөрдү болтурбоо болуп саналат.
3. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүүнү сот органдарынын жана жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы (мындан ары - Кызмат) жүзөгө ашырат.
ТМны кайтаруу Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ТМнын администрациясы жана башка өз ара аракеттеги органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырылат.
4. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүүнү, ТМны кайтарууну жана коргоону жүзөгө ашыруу үчүн Кызматтын өздүк курамы кара күчтү, курал-жаракты, согуштук жана атайын техниканы, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын (мындан ары - КИТК), радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо каражаттарын, байланыш каражаттарын, аудио-видео байкоо каражаттарын, атайын автотранспорт каражаттарын, атайын вагондорду, кызматтык иттерди жана атайын каражаттарды колдонууга укук берүү менен ишке тартылат.
5. Дарылоо мекемелеринде жана жардыргыч жана тез күйүүчү заттар сакталган жерлерде кош бойлуулуктун ачык белгилери бар аялдарга, балдарга, майыптыктын ачык белгилери бар адамдарга каршы атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
6. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 7-главасынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды
конвой менен коштоп жүрүүнүн, кайтаруунун жана коргоонун
негизги милдеттери
7. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүүнүн, кайтаруунун жана коргоонун негизги милдеттери төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) конвой менен коштоп жүрүүнү жүзөгө ашырууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
2) кароолдун, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
3) кабыл алуу пунктунан соттун администрациясынын имараттарына, тергөө изоляторлоруна жана ТМга чейин, ошондой эле алардын ортосунда соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү;
4) ТМны кайтарууну камсыз кылуу, анын бүтүндүгүн бузуу, мыйзамсыз кирүү аракеттерине жол бербөө жана ТМда белгиленген режимди сактоо;
5) адамдардын, транспорт каражаттарынын, уруксат берилген жүктөрдүн жана товарлардын өтүшүн контролдоо;
6) конвой менен коштоп жүрүү убагында тартипти камсыз кылуу, айыпталуучулардын жана соттолгондордун конвойдон, сот процесстери өткөн жерлерден жана ТМдан качуу аракеттерин алдын алуу;
7) тыюу салынган предметтерди ТМга мыйзамсыз ыргытууну, бекитип өткөрүүнү жана өткөрүп берүүнү аныктоо жана алдын алуу;
8) ТМнын администрациясына тартипти калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүү.
3-глава. Соттолгондорду жана камакка алынган
адамдарды конвой менен коштоп жүрүү
8. Конвой менен коштоп жүрүү - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароолдун кайтаруусунун алдында кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен алып баруу.
9. Конвой менен коштоп жүрүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) пландуу - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды автотранспорт жолу, аба жана темир жол аркылуу белгилүү бир убакытта, алмаштыруу пункттарында бараткан жолдо аларды кабыл алуу жана тапшыруу менен белгиленген каттамдар боюнча конвой менен коштоо;
2) кездешме конвой менен коштоо - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды ТМдан жана тергөө изоляторлорунан алмаштыруу пункттарына жана кайра артка атайын автомобилдерде конвой менен коштоо;
3) өтмө - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды автомобилдерде жана самолеттордо кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
4) өзгөчө - өзгөчө коркунуч келтирген кылмышкерлерди жана эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгон, диний-экстремисттик иш үчүн соттолгон адамдарды самолеттордо жана автомобилдерде кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
5) соттук - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды атайын автомобилдерде сотторго, алардын көчмө жыйналыштарынын иштөө пункттарына жана кайра артка конвой менен коштоо, соттук жыйналыштар убагында бул адамдарды кайтаруу;
6) эшелондук - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды 300 адамдан кем эмес топтордо атайын автомобилдерде кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо.
10. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) соттолгондорду коштоо документтер менен бирге кабыл алуу жана өткөрүп берүү;
2) соттолгондорду кароо, жеке жана башка буюмдарын тинтүү;
3) кароодо жана тинтүүдө ТМга киргизүүгө тыюу салынган предметтерди алып коюу;
4) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоп жүрүү;
5) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коргоо жана качуу аракеттерин алдын алуу;
6) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоо жана ташуу убагында тартипти жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу;
7) соттолгондор жана камакка алынган адамдар качканда кайтаруу линиясынан өткөн учурда куралды, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонуу.
Конвой менен коштоп жүрүү учурунда соттолгондорго тамак-аш азыктарын, акча, кат-кабар, спирт ичимдиктерин, кийим-кече, тыюу салынган предметтерди жана буюмдарды берүүгө тыюу салынат.
11. Конвой менен коштоп жүрүү учурундагы кайтаруу линиясы төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) транспорт каражаттарында, автомобилдерде, вагондордо, самолеттордо жана жайларда, соттолгондор ээлеген сот жыйналышынын залдарында (бөлмөлөрүндө) - дубалдар (борт), пол, чатыр (шып);
2) соттолгондор үчүн жайларда - жайдын (бөлмөлөрдүн, камералардын, залдардын) дубалдары, полу, шыбы, эшиктери жана терезелери;
3) жөө конвой менен коштоп жүрүүдө - кароолдордун колоннага жакын жайгашкан линиясы (соттолгондордун колоннасынын 7 (жети) метр аралыктагы айланасынын шарттуу линиясы).
Жеке кароо соттолгондор жана камакка алынган адамдар менен бир жыныстагы аскер кызматчылары жана ТМнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
12. Соттолгондор өзүндө алып жүрүүгө тыюу салынган буюмдардын, предметтердин, документтердин жана тамак-аш азыктарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
13. Кароо соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын кароолдун курамына кол салуу мүмкүндүгүн болтурбоочу коопсуздук чараларын сактоо менен, ал эми зарыл болгон учурда медициналык кызматкердин катышуусу менен жүргүзүлөт.
14. Конвой менен коштоп жүрүү төмөнкүлөрдү камтыйт: кыймылдын каттамын, атайын автотранспорттук каражаттарды жана курал-жарактарды, ошондой эле өз ара аракеттенүүчү органдардын күчтөрүн жана каражаттарын.
Конвой менен коштоп жүрүү каттамдары Кызматтын төрагасы тарабынан аныкталат.
15. Дарылоо мекемелеринде жана жардыргыч жана тез күйүүчү заттар сакталган жерлерде кош бойлуулуктун ачык белгилери бар аялдарга, балдарга, майыптыктын ачык белгилери бар адамдарга каршы атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
4-глава. ТМны кайтаруу жана коргоо
16. ТМны кайтаруу жана коргоо - ТМга тышкы кол салуудан коргонууга жана коопсуздукту камсыз кылууга, качуу, ТМга мыйзамсыз кирүү, ТМга тыюу салынган предметтерди ыргытуу, бекитип өткөрүү жана өткөрүп берүү аракеттерин алдын алууга багытталган чаралардын жана иш-аракеттердин системасы.
17. ТМны кайтаруунун жана коргоонун схемасы Кызматтын төрагасы тарабынан жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте аныктайт.
18. Кайтаруу жана коргоо өзүнө контролдоо-өткөрүү пункттарын, кароолдорду (бөлүмдөрдү), алардын жайгашкан жерлерин, кароол кызматын өтөө постторун (жердин участокторун), байкоо секторлорун жана кайтаруу линияларын, кыймылдын каттамдарын, КИТК, кызматтык иттерди, ТМны кайтарууга катышкан өз ара аракеттенүүчү органдарды жана объекттин администрациясынын күчтөрүн жана каражаттарын камтыйт.
19. Соттолгон качып кеткен учурда ТМнын кайтаруу линиясын кесип өткөндө мыйзамдарда белгиленген тартипте курал колдонулат.
20. ТМнын кайтаруу линиясы ТМнын тосмосу болуп эсептелет, ал болбогон учурда - негизги тосмону бойлой 7 (жети) метр аралыкта ички тыюу салуу зонасындагы шарттуу линия, ал көчмө тосмолор же "Тыюу салынган аймак - кирүүгө болбойт!" деген жазуу бар эскертүүчү белгилер менен белгиленген.
21. Кайтаруу линиясы объектти кайтаруу схемасында көрсөтүлөт жана соттолгондорго жарыяланат.
22. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ТМда тартипти калыбына келтирүү максатында атайын каражаттар алардын тактикалык-техникалык маалыматтарын эске алуу менен колдонулат.
23. Кишендерди жана кол кишендерди кошпогондо, куралды жана атайын каражаттарды колдонуу жөнүндө Кызматтын жетекчилигине баяндалат.
Ошол эле учурда курал-жарактарды жана атайын каражаттарды ар бир колдонгон учур жөнүндө прокуратура органдарына токтоосуз кабарланат.
24. ТМда өзгөчө шарттар келип чыккан учурда Кызматтын бөлүмдөрүнө, кароолдоруна жана наряддарына түздөн-түз жетекчилик улук ыкчам башчылардын ыкчам жетекчилигине өтөт.
25. Улук ыкчам башчылар болуп Кызматтын төрагасына карата - юстиция министри жана юстиция министринин тескөөчү орун басары (мындан ары - улук ыкчам башчы) болуп саналат.
26. Улук ыкчам башчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Тартиптин талаптарын жана юстиция министринин буйруктарын эске алуу менен Кызматтын жетекчиси менен өз ара аракеттенүү менен Кызматтын бөлүмдөрүнө кызматтык жана ыкчам милдеттерди аныктоого;
2) бөлүмдөрдү ТМнын администрациясы менен биргелешип соттолгондорду ишенимдүү обочолонтууну камсыз кылуу, аларды көзөмөлдөө, белгиленген режимди сактоо, объекттерди коргоо, соттолгондордун топтук баш ийбестигин жана массалык баш аламандыктарын болтурбоо боюнча иш-чараларды аткарууга тартууга;
3) өзүнчө батальондун, бөлүмдөрдүн командиринин кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткаруу жана объекттерди кайтаруу абалы жөнүндө маалыматын угууга;
4) кароолдордун күжүрмөн кызматын, КИТКнын, курал-жарактын, согуштук жана атайын техниканын, эксплуатациядагы атайын каражаттардын, ошондой эле жайлардын жана жабдуулардын абалын жана колдонулушун текшерүүгө;
5) Кызматтын төрагасы менен биргеликте бөлүмгө коюлган кызматтык-күжүрмөн милдеттердин толук, өз убагында жана сапаттуу аткаруусун баалоого.
Кызматтын бөлүмдөрүнүн өзгөчө шарттарда иш-аракеттеринин тартиби жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кызматтын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
5-глава. ТМнын контролдоо-өткөрүү пункттарында
өткөрүү режими
27. ТМнын контролдоо-өткөрүү пунктунда өткөрүү режими коопсуздук чараларын жана соттолгондордун, ТМнын кызматкерлеринин, соттолгондорго келген адамдардын кыймылын контролдоону камсыз кылуу, ТМга тыюу салынган предметтерди алып өтүү (алып чыгуу) аракеттерине жана контролдоо-өткөрүү пунктунун аймагында соттолгондордун качып кетишине жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.
ТМга мыйзамсыз предметтердин өтүшүн алдын алуу жана жүктөрдүн, товарлардын ичиндегилер менен таанышуу максатында Кызматтын аскер кызматчыларына аларды кароо жана тинтүү укугу берилет.
28. ТМда өткөрүү режими өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) адамдардын, транспорт каражаттарынын ТМга кирүүсүн жана чыгуусун, жүктөрдү жана товарларды ташып кирүүнү жана ташып чыгууну контролдоону;
2) инсандыкты ырастаган документтерди жана башка коштоочу документтерди текшерүүнү;
3) ТМга кирген (чыккан) адамдарды жана автотранспорт каражаттарын кароону, жүктөрдү жана товарларды текшерүүнү;
4) соттолгондорду кароону жана соттолгондун жеке буюмдарын тинтүүнү;
5) ТМга алып кирүүгө тыюу салынган табылган предметтерди алып коюу.
ТМга өткөрүү режими ТМнын ички режиминин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана жүзөгө ашырылат.
29. ТМга өткөрүү режими төмөнкүлөрдү болтурбоого тийиш:
1) кызматкерлердин жана башка адамдардын, транспорт каражаттарынын ТМга мыйзамсыз кирүүсүн же соттолгондордун качып кетүүсүн;
2) ТМга мыйзамсыз предметтерди, жүктөрдү жана товарларды алып кирүүнү (алып чыгууну).
30. ТМга адамдарды уруксат берүү документтери жок киргизүү Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. ТМнын кызматкерлерине, аскер кызматчыларына жана башка адамдарга жеке транспорт менен түзөтүү мекемесинин аймагына кирүүгө тыюу салынат.
6-глава. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик
администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу
32. Өз ара аракеттенүү соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоону, ТМны кайтарууну жана коргоону бир кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу кызыкчылыгында милдеттер, жер жана убакыт боюнча уюштурулат.
33. Кызмат өз ара аракеттенүүнү жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү макулдашат:
1) жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен:
- ТМны коргоо системасын жана анын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, өткөрүү режимин ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди, кароолдорду күжүрмөн кызмат өтөөчү жерлерге, кырдаал татаалдашкан учурда резервдерди жеткирүү үчүн транспорт каражаттарын бөлүп берүүнүн, өзгөчө кырдаалдарда ТМнын администрациясынын күчтөрүн жана каражаттарын тартуунун тартибин;
- КИТК объекттерин жана транспорт каражаттарын жабдуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн көлөмүн жана мөөнөтүн;
- укук тартибин чыңдоого, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын качып кетүүсүн жана ТМдагы башка кылмыштарды алдын алууга багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү;
- конвой менен коштоп жүрүү каттамдарын жана алмашуу пункттарын;
- конвой менен коштоп жүрүү учурунда соттолгондордун топтук баш ийбестигин, массалык баш аламандыктарын жана башка кылмыштарын алдын алуу, токтотуу жана жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди;
- ТМнын аймагын, жер астындагы коммуникацияларды, бузулушу мүмкүн болгон жерлерди, жалпы, тандалма объекттерди өз убагында жана сапаттуу текшерүүлөрдү, соттолгондорду текшерүүлөрдү жана ТМда укук тартибин, режимин чыңдоого, качып кетүүлөрдү жана кылмыштарды алдын алууга багытталган башка иш-чараларды жүргүзүүнү;
2) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен:
- ТМны кайтаруу, конвой менен коштоп жүрүү боюнча милдеттерди аткарууда, ошондой эле өзгөчө шарттарда, издөө иш-чараларын жүргүзүүдө биргелешкен аракеттерди, пландалган конвой менен коштоп жүрүү каттамдарын, алмашуу пункттарын ачууну (жабууну), органга билдирүү тартибин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди, ошондой эле автожол каттамдары боюнча пландуу кароолдорду конвой менен коштоодо атайын автомобилдерди коштоп жүрүү тартибин;
3) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен:
- өзгөчө коркунучтуу жана куралдуу кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча биргелешкен аракеттердин тартибин;
- ТМны кайтарууда кароолдун күжүрмөн кызматын өтөө ыкмалары, ТМны жабдуу жана КИТКны эксплуатациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн көлөмүн жана мөөнөттөрүн;
- тартылган күчтөрдү жана каражаттарды эсептөөнү, террористтик жана топтук коомго каршы көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө аракеттердин тартиби;
4) мамлекеттик чек араны кайтаруу, жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен:
- кызматташуунун жана кырдаал жөнүндө өз ара маалымат берүүнүн жана качкан соттолгондорду кармоого жардам көрсөтүүнүн тартибин;
- качкан соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүүсүн алдын алуу боюнча кызматташуунун тартибин.