Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 70
Мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Ар бир балага мектепке чейинки билим берүүнүн адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 31-январындагы № 5/10 токтомуна, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Мырзабек Болуш көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан оорукананын эски имаратын аянты 0,38 га жанаша жер участогу менен мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтү:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү имаратты жанаша жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алсын жана сакталышын камсыз кылсын;
2) имаратты жанаша жер участогу менен белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүзөгө ашырсын жана аны мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалансын;
3) өткөрүп берилүүчү имаратты жанаша жер участогу менен андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөсүн жана аны күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |