ТАМГА АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы № 5
Тамга, Тосор айылдарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемелериндеги тарбиялануучу балдарга ай сайын тѳлѳнүүчү акылар жѳнүндѳ
Тамга айыл аймагындагы Тамга айылындагы «Байчечекей», Тосор айылындагы “Бугу-Эне” мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемесиндеги тарбиялануучу балдардан ар бир айда ата-энелердин эсебинен тѳлѳнүүчү тѳлѳмдү кѳбѳйтүп берүү тууралуу жетекчилер М.Мамбеталиеванын жана А.Молдогазиеванын оозеки кайрылууларын айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы токтом кылат:
1. Учурда тамак-аш азык түлүктѳрүнүн баасы кескин ѳсүп жаткандыгына байланыштуу, Тамга айыл аймагындагы «Байчечекей», «Бугу-Эне» мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемелериндеги тарбиялануучу балдардан ар бир айда ата-энелердин эсебинен тѳлѳнүүчү 750 (жети жүз элүү) сом акча каражаты 1000 (бир миң) сомго кѳтѳрүлүп, бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоону Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага А.Букаров