Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылыштын кезектеги 19-сессиясы

2024-жылдын 06-февралы № 30                                                                     

Теплоключенка айылынын Шапак Баатыр көчөсүнүн №94 дарегинде  жайгашкан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына таандык болгон эски от жагуучу жайдын (котельная) имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн сунушун жана айылдык кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, талкууга алып,  айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Теплоключенка айылынын Шапак баатыр көчөсүндө №94 дарегинде жайгашкан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына таандык болгон эски от жагуучу жайдын (котельная) имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

     3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                     А.И.Алмабеков