ТАМГА АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы № 7
Тамга жана Тосор айылдарына эмгеги сиңген адамдарга
“Ардактуу атуул” наамдарын берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга кѳрсѳтүү» жѳнүндѳ мыйзамына ылайык, Тамга айыл аймагынын Тамга жана Тосор айылдарына эмгеги сиңген адамдарына “Ардактуу атуул” наамын берүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы токтом кылат:
1. Тамга жана Тосор айылдарына кылган күжүрмөн эмгектерин эске алып, айылга кылган кызматтарын, эмгегин баалап Тамга айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына тѳмѳнкү адамдар сунушталсын:
1. Орозбакова Бегаим Кубановна –ардагер киреше боюнча башкы адис;
2. Алымова Толкун Исаковна - ардагер китепканачы;
3. Чоопаева Гулай Турдушовна – эмгеги сиңген ардагер;
4. Баяманов Таалайбек Такенович – айыл ѳкмѳт башчысы;
5. Букабаев Сабырбек Тѳлѳгѳнович – мал чарба боюнча башкы адис;
6. Курманбек уулу Каныбек – айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановго жана айылдык кеңешинин жоопту катчысы Н.Шабданбаевага тапшырылсын.
Тѳрага А.А.Букаров