Редакцияот 14.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIII-сессиясы

2023-жылдын 14-ноябры № 3

“Шарк айылындагы №363 контурунданы жайгашкан жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жалпысы 5,05 га жер аянты өндүрүштүк объектилердин куруу максатында транформацияга берүү жөнүндө”

 

Шарк айыл аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында Шарк айылындагы №363 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы жалпысынан 5,05 га жер аянтына өндүрүштүк объектилерди куруу максатында, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 31 январында №27-б “Жерге болгон мамилелерди мыйзым чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынын 2023 жылдын 31 октябрында берилген оң корутундусунун негизинде, жэр ээси Ош шаарынын тургуну Озубеков Каныбек Адылбековичтин арызын негизинде Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

Токтом кылат:

1.№363 контурда жайгашкан жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жалпысынан 5,05 га жер аянтына өндүрүштүк объектилерди куруу максатында жерлерди трансформациялоо боюнча иштерди жүргүзүлүшү бекитилип берилсин;

2.Аталган жерлер боюнча которууга тийиштүүболгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов