КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы №5
Сугат суу жана таза суу ишканаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Сугат суу жана таза суу ишканаларын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кара-Бак айыл аймагындагы агын суу жана таза суу ишканаларын айыл өкмөттүн балансына кабыл алып, муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын
Айылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |