Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы

 

2024-жылдын 6-февралы №09

Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Талаа участкасына ГЭС куруу үчүн жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.

        

Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 17.02.2023-жылдагы №01-13/271 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин 26.04.2023-жылдагы №30 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү менен Зардалы айылынын Талаа участкасына ГЭС куруу үчүн жерлерди трансформациялоого макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылынын Талаа участкасынан 8,29 га жер аянтын: анын ичинен №1022-контурунда жайгашкан 2,07 га жайыт жер аянты, №1041 – контурунда жайгашкан 0,17 га таштуу жайыт жер аянты, №1044-контурунда жайгашкан 0,51 га жайыт жер аянты, №1026-контурунда жайгашкан 1,04 га жер аянты башка жерлер (камни), №1032-контурунда жайгашкан 1,94 га жер аянты башка жерлер (камни), №969-контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянты башка жерлер (камни), №1039-контурунда жайгашкан 0,38 га башка жерлер (осыпь) жалпы 6,31 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, №1040-контурунда жайгашкан 0,27 га токой аянттары (лес), №1047-контур унда жайгашкан 0,67 га токой аянттары (лес), жалпы 0,94 га жер аянтын “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына жана №972-контурунда жайгашкан 1,04 га жер аянты Ак-Терек дарыясынын нугу (башка бирөөнүн пайдалануусундагы жер), “Суу фондунун жерлери” категориясынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова