Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы

 

2024-жылдын 6-февралы №10

Жер аянттарын жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жана Көк-Дөбө участкаларынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун, жана башка жерлер” категориясына которулган жалпы 115,6 га жер аянты:

1.     Көк-Дөбө участкасынан -70,0 га

2.     Көк-Дөбө участкасынан -20,0 га

3.     Алты-Адыр участкасынан     -10,0 га

4.     Алты-Адыр участкасынан     -12,0 га

5.     Көк-Дөбө участкасынан -3,66 га

жана Алты-Адыр участкасынан турак жайга берилген 300,0 га жер аянтынын ичиндеги  артыкбаш жер аянттарын аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.

 

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын. 

 

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова