КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы №11
Курук-Сай участкасына ФАП, бала бакча, балдар ойноочу аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Курук-Сай участкасына ФАП, бала бакча, балдар ойноочу аянтча курууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасынын Сайдаров Мамарасул көчөсүндө жалпы 0,30 га жер аянтына: ФАП куруу үчүн 0,10 га; бала бакча куруу үчүн 0,15га; 0,05 га балдар ойноочу аянтча курууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |