Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

28 чакырылышынын 1-сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 1-28/8

Жаңы – Жер айыл өкмөтүнүн балансына имаратты кабыл алуу жөнүндө

Нижне-Восточное айылындагы жалпы билим берүүчү мектептин имаратынын (экинчи канаты) бөлүгү тууралуу маалыматты карап, “Достук” медресеси жайгашкан жерде, Сокулук райондук мамлекетик администрациясынын 02.04.1996-жылдагы №382 токтому менен имараттын бул бөлүгүнө менчигинин катталгандыгы жана муниципалдык бөлүгүндө студенттердин орундары жок болгондугуна байланыштуу маалыматты угуп

Жаңы - Жер айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы - Жер айыл өкмөтүнүн Нижне-Восточное айылындагы жайгашкан имараттын бир бөлүгү (экинчи канат) балансына алынсын, муниципалдык объект катары, андан ары жалпы билим берүүчү толук эмес орто мектеп катары пайдалансын.

2. Нижне-Восточное айылындагы дружба көчөсү б/н № толук эмес орто мектептин жалпы имаратын астындагы жер тилкесин бириктирүүгө макулдук берилсин.

 

Жаңы-Жер айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Казаков