Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2024-жылдын 10-январы № 7
Ата мекендик капитал рыногун өнүктүрүү, ошондой эле айрым финансылык инструменттерди жана механизмдерди практикалык колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16, 18-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкү сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлсүн:
1) IPOну практикалык ишке ашыруу боюнча 1-тиркемеге ылайык курамда;
2) евробонддорду практикалык чыгаруу боюнча 2-тиркемеге ылайык курамда;
3) Сукук ислам баалуу кагаздарын практикалык чыгаруу боюнча 3-тиркемеге ылайык курамда;
4) алтын менен камсыздалган мамлекеттик баалуу кагаздарды токендештирүү боюнча 4-тиркемеге ылайык курамда.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтор:
- бир айлык мөөнөттө жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу боюнча жол карталарын иштеп чыксын;
- жол карталарды бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышынын кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтордун катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтуна жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтор өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары ведомстволор аралык жумушчу топтордун суроо-талаптары боюнча зарыл болгон маалыматтарды берип турсун жана алардын ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
IPOну практикалык ишке ашыруу сунуштарын даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун директору - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президенти.
|
| 2-тиркеме |
Евробонддорду практикалык чыгаруу сунуштарын даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун директору - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президенти.
|
| 3-тиркеме |
Сукук ислам баалуу кагаздарын практикалык чыгаруу сунуштарын даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун директору - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жонго салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;
"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президенти.
|
| 4-тиркеме |
Алтын менен камсыздалган мамлекеттик баалуу кагаздарды токендештирүү сунуштарын даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун директору - ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;