Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-февралы № 52
Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа
жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин
уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 192, 2024-жылдын 28-майындагы № 278, 2024-жылдын 7-июнундагы № 303, 2025-жылдын 16-июлундагы № 419, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812, 2026-жылдын 30-январындагы № 41 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө", 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 3-тиркемеге ылайык;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) жергиликтүү кеңештердин (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, айылдык кеңештердин) штаттык санынын чеги 5-тиркемеге ылайык;
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 41 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү 7-тиркемеге ылайык;
8) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 8-тиркемеге ылайык;
9) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык расписаниесинин типтүү формасы 10-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419, 2026-жылдын 30-январындагы № 41 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Аймагында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан шаарлардын мэрлерине жергиликтүү бюджеттерди, керектөө ченемдерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызматтарга жана товарларга тарифтерди, жүргүнчүлөрдү жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспорт менен ташууга тарифтерди бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп белгиленсин.
Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктунун экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарынын жана шаарлардын 2024-жылга жергиликтүү бюджетин аткаруу механизмин иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин схемалык карталарын даярдоо үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берсин;
3) корголгон беренелер боюнча чыгымдардын көлөмүн "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген деңгээлде 3 жылга сактоону камсыз кылсын;
4) пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарында жана шаарларда 2024-жылга жана кийинки жылдарга теңдөөчү трансферттердин жана башка кирешелердин көлөмдөрүнүн мүмкүн болуучу төмөндөшү боюнча компенсациялык чараларды кошулуучу аймактарды өнүктүрүүнү каржылоону эске алуу менен иштеп чыксын;
5) 2024-жылга шаарларга кошулуучу аймактарда жайгашкан билим берүү уюмдарын күтүүгө чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги айыл аймактарын жана шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына практикалык жана методикалык жардам көрсөтсүн жана инвестицияларды тартуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана муниципалдык ишканаларды каттоону/кайра каттоону уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
1) бириккен айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу, ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, сугат жерлерине келишимдик шарттарда ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга сууну күтүү жана бөлүштүрүү маселелерин;
2) шаарлардын мэрияларына - ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, сугат жерлерге келишимдик шарттарда ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга сууну күтүү жана бөлүштүрүү маселелерин.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин туруктуу негизде кесиптик кызматтык иш жүргүзгөн жана жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аймактарды жана калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын иштеп чыгууда жана бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери үчүн окутуучу иш-чараларды уюштурсун;
2) айыл өкмөтүнүн бошотулган башчыларын (муниципалдык резерв же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын резерви), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кыскартылган кызматкерлерин кадрлар резервине (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын резерви) киргизүү боюнча ишти уюштурсун.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик чек араларын жана башка географиялык маалыматтарды көрсөтүү (сүрөттөө) менен жаңы түзүлгөн айыл аймактарынын жана шаарлардын схемалык карталарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын.
11. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында:
1) айыл аймактарынын жана шаарлардын аймактарында ишке ашырылуучу программалар жана долбоорлор боюнча милдеттенмелердин республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларын ирилештирүүнү эске алуу менен аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн түзүмдөрүн жана функцияларын кайра карасын жана оптималдаштырсын.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ушул токтомго ылайык тиешелүү аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну камсыз кылсын;
2) чек араларын жана башка географиялык маалыматтарды көрсөтүү менен жаңы түзүлгөн айыл аймактарынын жана шаарлардын схемалык карталарын иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
3) бириктирилген жана кошулган айыл аймактарынын, калктуу конуштардын карамагында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, материалдык жана материалдык эмес активдерди, пассивдерди, финансылык каражаттарды шаарларга жана айыл аймактарына мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү уюштурсун;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каттоону/кайра каттоону жүргүзүүнү уюштурсун;
5) пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында кыскартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, муниципалдык кызматчыларды, кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын кызматкерлерин эмгектик мыйзамдарына жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
13. Бириктирилген айыл өкмөттөрүнүн курамына кирген, ошондой эле шаарларга кошулган аткаруу органдарынын башчылары:
1) 2024-жылдын 1-мартына чейин корголгон беренелер боюнча милдеттенмелерди жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга чыгымдарды кошпогондо, жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону токтото турсун;
2) 2024-жылдын 1-апрелине чейин жеке, юридикалык жактарга кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүнү, берүүнү токтото турсун;
3) ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине таандык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомдун 2-8-тиркемелерине ылайык штаттык расписаниени жана түзүмдү иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
15. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802 "Райондук кеңештердин аппараттарын жоюу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык расписаниесин, ченемдерин жана санын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
16. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
17. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундардын аталышы | Калктын санына ылайык штаттык саны (миң адам) | ||
10 миңге чейин | 10 миңден 25 миңге чейин | 25 миңден жогору | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 | 1 | 1 |
2 | Башчынын орун басары - жооптуу катчы | 1 | 1 | 1 |
3 | Бөлүм башчысы | 1 | 1 | 1 |
4 | Башкы адис | 3 | 3 | 4 |
5 | Жетектөөчү адис | 2 | 3 | 3 |
6 | Адис | 1 | 2 | 3 |
Бардыгы: | 9 | 11 | 13 | |
| Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | 3 | 4 | 5 |
Бардыгы: | 12 | 15 | 18 | |
Эскертүү:
1. Айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификасына жана калкынын санына жараша айыл өкмөтү штаттын жалпы санынан тышкары, контракттык негизде кошумча штаттык бирдиктерди ала алат. Мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу, ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга келишимдик шарттарда сууну бөлүштүрүү, жалпы аскердик милдеттер жөнүндө талаптарды аткарууну камсыз кылуу боюнча функцияларды бөлүштүрүү жана башка максаттар үчүн жалпы штаттык санынан тышкары кошумча контракттык негизинде кабыл алынышы мүмкүн: калктын саны 10 миңге чейин адам - 4 кызматкерге чейин, калктын саны 25 миңге чейин адам - 6 кызматкерге чейин, 25 миңден жогору адам - 8 кызматкерге чейин.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктар контракттык негизде айыл өкмөтүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Айылдык аймагынын административдик борбору болуп саналган калктуу конушту кошпогондо, ар бир калктуу конушта контракттык негизде айыл башчысынын кызмат орду каралышы мүмкүн.
4. Бириккен айыл өкмөттөрүнүн бошогон административдик имараттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн кенже тейлөөчү персонал категориясындагы штаттык бирдик каралышы мүмкүн.
5. Айыл өкмөтүнүн чектүү штаттык кызматкерлеринин жергиликтүү маанидеги маселелерден тышкары сунушталуучу функциялык милдеттери:
- коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү/башкы адис: административдик тартип бузуулар менен иштөө, экологиялык бузуулар, үй-бүлөлүк зомбулук, диний радикализм, криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө, пробация, жер мыйзамдарынын сакталышы, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы ж.б.;
- коомдук саламаттык сактоо боюнча жетектөөчү/башкы адис: ДМЧА, кош бойлуулар, өнөкөт оорулуулар менен иштөө, аймактагы санитария жана гигиена, сергек жашоо образын калыптандыруу, өмүргө коркунуч туудурган оорулары бар оорулууларды эсепке алуу ж.б.;
- мал чарбачылыгы боюнча адис - малдын башы, вакцинация, асыл-тукум чарбасы, статистикалык эсепке алуу жана аналитика, малды маркалоо, малдын эпизоотиясы, мал чарба продукциясын сатуу, этти, сүттү, жүндү кайра иштетүү, жайыт пайдалануучулар менен иштөө, ж.б.;
- жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү/башкы адис: аймактагы, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер ресурстарын эсепке алуу, айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу, жерлерди трансформациялоо, статистикалык эсепке алуу жана аналитика, жер мыйзамдарын сактоону жана суу ресурстарын пайдаланууну контролдоо, айыл чарба жерлерин сугаруу маселелери, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын кайра иштетүү, тоют даярдоо, үрөн чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын сатуу ж.б.;
- санариптештирүү жана IT технологиялары боюнча жетектөөчү/башкы адис: айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иш, Е-кызмат, Санарип Аймак, ЭДБ, калктын, инфраструктуранын, социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү, айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштеши, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү ж.б.;
- башкы адис - юрист: мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу, айыл өкмөтүнүн чечимдерин укуктук талдоо, аймактагы аялдардын, балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо, укук коргоо органдарына, сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү ж.б.;
- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - жооптуу катчы: кириш-чыгыш документтер менен иштөө, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо, инвестицияларды тартуу, бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча, жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу ж.б.;
- айыл өкмөтүнүн башчысы: айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын (СЭӨП) аткаруу, муниципалдык ишканалардын (МИ) ишин чарбалык эсептин негизинде уюштуруу, аймакта туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу ж.б.;
- бөлүм башчысы: СЭӨП иштеп чыгуу жана аткаруу, экономикалык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү, экономикалык отчеттуулукту, план-божомолдорду даярдоо, бухгалтердик отчеттуулукту, экономикалык өнүгүүнүн индикаторлорун жүргүзүү ж.б.
|
| 3-тиркеме |
Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги
№ | Кызмат орундардын аталышы | Калктын санына ылайык штаттык саны (миң адам) | ||||
15 миңге чейин | 15 миңден 30 миңге чейин | 30 миңден 60 миңге чейин | 60 миңден 100 миңге чейин | 100 миңден жогору | ||
1 | Мэр | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Мэрдин орун басары | - | 1 | 1 | 2 | 3 |
3 | Аппарат жетекчиси | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Бөлүм башчысы | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 |
5 | Сектор башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 |
6 | Башкы адис | 4 | 4 | 5 | 5 | 6 |
7 | Жетектөөчү адис | 3 | 4 | 4 | 4 | 5 |
8 | Адис | 2 | 2 | 3 | 3 | 5 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 13 | 15 | 17 | 19 | 25 | |
| Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | 3 | 4 | 4 | 5 | 5 |
Бардыгы (персонал) | 16 | 19 | 21 | 24 | 30 | |
Эскертүү - Шаардын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификасына жана калкынын санына жараша мэриянын штаттын бирдиктеринин жалпы санынан тышкары, контракттык негизде кошумча штаттык бирдиктерди алынышы мүмкүн: калктын саны 15 миңге чейин адам - 3 кызматкерге чейин, 30 миңге чейин адам - 4 кызматкерге чейин, 60 миңге чейин адам - 5 кызматкерге чейин, 100 миңден жогору адам - 6 кызматкерге чейин.
|
| 5-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, айылдык кеңештердин) штаттык санынын чеги
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Калкынын саны 6001ден 20001 адамга чейинки айыл аймактары жана шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны | Калкынын саны 20001ден 100000 адамга чейинки айыл аймактары жана шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны | Калкынын саны 100000 адамдан ашык айыл аймактары жана шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны |
1 | Төрага | - | 1 | 1 |
2 | Жооптуу катчы | 1 | 1 | 1 |
3 | Башкы адис | - | - | 1 |
| Бардыгы: | 1 | 2 | 3 |
| ТТП | - | 1 | 1 |
| Жалпы: | 1 | 3 | 4 |
Эскертүү:
1. Жергиликтүү кеңештин чечими менен катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдиги, кызматтык автомобиль болгондо айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүүнү мэриянын/айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери жүзөгө ашырат.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин кошумча аткарат.
|
| 7-тиркеме |
Айыл өкмөтүнүн ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ
|
| 8-тиркеме |
Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ
Эскертүү:
(*) Мэрдин экинчи орун басарынын кызмат орду шаардын калкынын саны 60 миң адамдан жогору болгондо, экинчи бөлүм калкынын саны 60 миң адамдан жогору болгондо, мэрдин үчүнчү орун басары жана экинчи сектор калкынын саны 100 миң адамдан жогору болгондо киргизилет. Ошол эле учурда түзүмдөгү штаттык бирдик шаардын калкынын санына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
|
| 10-тиркеме |
|
| Бекитемин Мэр/Айыл өкмөтүнүн башчысы _______________________ _______________________________ (ФАА) 202___-ж. "___" _______________ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык расписаниесинин ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ ____________________________________________________________ (ЖӨБО аталышы) (сом менен) _________________________________________
№ | Муниципалдык кызмат орундарынын реестриндеги | ФАА | Кызмат орундарынын аталышы | Бирдиктердин саны | Минималдуу базалык | Эселөө коэффициенти | Түзөтүү коэффициенти | Кызматтык маяна | Үстөк акылар жана кошумча төлөөлөр | Бардык бир айлык эмгек акы | Жалпы бир айлык эмгек акы | Эмгектик өргүү | Эмгектик өргүүгө 2 дарылоо жөлөкпулу | Сый акылар | Жылдык эмгек акы фонду | Соцфондго чегерүүлөр | Жылдык эмгек акы төлөө | |||||||||
Иштеген жылдары үчүн үстөк акы | Класстык чен | Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын болгон зоналарда иштеген стажы үчүн үстөк акы | Окумуштуулук даражасы үчүн үстөк | Иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга үстөк акы | Башка үстөк акылар жана кошумча төлөөлөр (аталышын кошуу) | |||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| % | сумма | сумма | % | сумма | сумма | % | сумма | % | сумма | сумма | сумма | сумма | сумма | сумма | сумма | сумма | сумма |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер | ____________________________ (колу) | ______________________________________________ (ФАА) |
|
|
|
Жооптуу катчы/аппарат жетекчиси | ____________________________ (колу) | ______________________________________________ (ФАА) |