Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы N 316-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 12-декабры № 767-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ырааттуу иш-аракеттерин эске алуу менен 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын актуалдаштыруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планында:
- 266-пункттун "Индикатор/күтүлүүчү натыйжа" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
IТ-аудит жүргүзүү, пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык системаны модернизациялоо боюнча чаралардын комплексин даярдоо |
";
- 267-пункттун "Индикатор/күтүлүүчү натыйжа" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |