РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы
2024-жылдын 9-февралы № 4
Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасындагы 21,2га жер тилкесин шаардын башкы планына кошууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасындагы 21,2га жер тилкесин шаардын башкы планына кошууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасындагы 21,2га жер тилкесин шаардын башкы планына кошууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |