Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 15-февралы № 47
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"турган жери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу же артыкчылыктуу жашоосу үчүн арналбаган жер;";
в) тогузунчу жана онунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"каттап эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча эсепке алуунун электрондук тутуму, анын негизги принциби ички жер которуу процесстерин, анын ичинде онлайн форматта жөнгө салуу болуп саналат;";
2) 4-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-статьяда "ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 13-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу калкты жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу үчүн багытталган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган маалыматтык тутум аркылуу жүзөгө ашырылат.
Өзүм билемдик менен курулган курулуштарда жашоочу Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кыймылсыз мүлккө техникалык паспорту бар болгон учурда жүзөгө ашырылат. Жарандардын бул категориясын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жаран жашаган жери өзгөргөн учурда жазуу жүзүндө же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттап эсепке алуусу үчүн кайрылууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Аскерге милдеттүү жарандарды жана чакырылуучуларды каттоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Белгилүү бир жашаган жери жок жарандарды каттоо алар турган аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, же болбосо социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле кайрымдуулук иштерин жүргүзүүчү же калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактардын юридикалык дареги боюнча жүргүзүлөт.
Жарандардын бул категориясын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
г) 5-пунктта:
- биринчи абзацта "төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт" деген сөздөр "төмөнкүдөй негиздер боюнча жүзөгө ашырылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2 жана 3-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пунктчалар менен толукталсын:
"6) турак жайга менчик укугун ырастоочу документтерди көрсөтүү менен турак жайдын мурунку менчик ээси менен чогуу жашаган адамдарды каттап эсепке алуудан чыгаруу жөнүндө турак жайдын менчик ээсинин арызы;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
8) жаран каза болгондо.";
8) 17-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"Турган жерине келген жаран калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу белгиленген формадагы арыз менен кайрылууга милдеттүү.";
9) 18-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 20-22-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Каттоо эрежелери
Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча жарандарды каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу эрежелери, анын ичинде каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, аскерге милдеттүүлөрдү, соттолгондорду жана жарандардын башка категорияларын каттоо, ошондой эле өзгөчө режим шарттарында турган калктуу конуштарда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
21-статья. Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объектиси болгон жарандыгы жок адамдар жөнүндө, жер которуунун масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо үчүн, ошондой эле бул маалыматты Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн багытталган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекече эсепке алуу тутуму.
22-статья. Калктын реестрин түзүү жана анын жүргүзүлүшүн контролдоо
1. Калктын реестрин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзөт. Калктын реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Калктын реестрин түзүүнү, жүргүзүүнү жана иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.";
11) 33-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 34-статьянын 1 жана 2-пункттарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 35-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 36-статьянын 4-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 37-статьяда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 38-статьянын 1, 2 жана 4-пункттарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 41-статьяда:
а) 1-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер оодаруу жөнүндө атайын токтомун чыгаруу;";
18) 42-статьянын 1, 11 жана 12-пункттарында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 43-статьянын 1-3-пункттарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 14 (3567) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |