КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2024-жылдын 8-февралы № 42-т
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосунда энергетика, энергиянын натыйжалуулугу жана энергияны үнөмдөө жаатында ак ниет кызматташуу үчүн негиздерди түзүү, ошондой эле маалымат жана технологиялар менен алмашууга көмөктөшүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы Энергетика, энергиянын натыйжалуулугу жана энергияны үнөмдөө жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |