Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2024-жылдын 26-январы № 23-т
Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү саламаттык сактоодо сапатты жакшыртуу системасынын негизги элементтерин түзүү жана бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуунун долбоору ("Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн кошумча каржылоо" долбоору);
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын коштоочу чаралары үчүн Бирдиктүү донордук максаттуу фонддун гранты жөнүндө макулдашуунун долбоору ("Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн кошумча каржылоо" долбоору).
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |