Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме 1

 

 

Бекмолдо айыл кеңешинин

2023-жылдын 16-февралындагы

№3 токтому менен бекитилди

 

Бекмолдо айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты

сактоо боюнча эрежелер

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Айыл аймактын айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №262 буйругунун негизинде иштелип чыккан.

2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.

3. Айыл өкмөтү эрежелерде белгиленген көктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4. Айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт.

 

 

2. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин

уюштуруу

 

5. Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдетүү.

6.     КТТКны айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жайгашкан жерлеринде, айыл тургундары өздөрү жашаган үйлөрүндө каптарга чогултат. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошопдой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган каптарды коюуга тыюу салынат.

7.     Бекмолдо айылдык аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык  айыл тургундарынын үйлөрүнөн жана айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардан таштандыларды, катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча иш аткарат.

8.     Бекмолдо айылдык аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, айыл тургундарынан катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр алынбайт.

9.     Бекмолдо айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

10.     Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.

11.     Кыймылсыз объекттерди курууну жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (Бекмолдо айыл өкмөтү менен таштанды чыгаруу келишимине ылайык)  алып чыгууга милдеттүү.

12.     Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бакдарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

13.     Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жана айыл тургундар ишке ашырат.

14.     Коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.

15.     Айыл аймагындагы мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.

16.     Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.

17.     Таштандыларды уруксатсыз таштандыларды ылайыкталбаган жерлерге таштоого, орттоого күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

18.     Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

 

3. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

 

19.     Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтуксүз тазалоону, жайында жолдун беттерин, тротуарларды сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.

20.     Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо айыл өкмөтү менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тийешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.

21.     Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:

-  узундугу боюнча имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;

22.     Айыл өкмөтү көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.

23.   Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.

 

4. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

23.     Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.

24.     Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

5. Жашылдандыруу

 

25.     Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:

- бак-дарактарды отургузуу,

- бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер

- куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;

- айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.

26.     Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

-  Жалпы пайдалануудагы аймактарда

-   парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө айыл өкмөтү тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;

- уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында өтпөл жердеги уюмдардын жетекчилерине;

27  .  Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.

28.     Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу кечинде саат 18.00-19.00дон кийин жүргүзүлөт.

29.  Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.

30.   Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.

31. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөндогүлөрдү камсыздашат:

-  иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кыльшбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөр зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;

-  жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;

-  жайында жана кургакчылыкта газондорду, гулзарларды, бакдарактарды жана бадалдарды сугаруу;

-   газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;

32.  Жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш.

33.  Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:

-  жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;

-  тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;

-  калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;

-    жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн чогултуу, компост салуу үчүн атайын болунгон жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);

-    от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;

-  бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, тугу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;

-   дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;

-   белгиленген эрежелер богонча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды тошоо үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;  газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянтгарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;

-   гүлдөрдү үзүпп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;

6. Тышкы жарыктандыруу

 

34.  Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө айыл өкмөтү дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.

35.   Жарык беруучу тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.

36.   Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.

37.   Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.

38.   Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементгери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.

39.   Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.

40.   Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминацияньш жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу айыл өкмөтү менен макулдашылат.

 

7. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат

адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

 

41. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.

42.  Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

43.  Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.

44.  Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесине ылайык жаза чараларын көрөт.