Загрузка документа…
| Тиркеме №2 |
| Бекмолдо айыл кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы №3 токтому менен бекитилди |
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик
калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү,
көрктөндүрүү жашылдандыруу жана коомдук тартипти сактоо
боюнча Бекмолдо айыл аймагында түзүлгөн иш-чаралардын планы
№ | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучу | Каржылоо булагы |
1 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү | Тиричилик калдыктары көчөмө –көчө кыдырып чыгарылат. Айыл тургундарына жеңилдик болот. | 2025-жылга чейин | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
2 | Калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга,төлөм тартибин чыңдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктураны өркүндөтүү | Айлана –чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат. | Дайыма | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
3 | Катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү | Айлана- чөйрөнүн климаттык абалын жакшыртылат. Жер кыртышынын эрозиялык бузулушунан сакталат. Заманбап полигондор түзүлөт. | 2025-жылдарга чейин | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
4 | Айыл аймагынын Суусамыр-Талас -Тараз трасса жээгинин түндүк,түштүк тарабын жана Б.Чойбеков атындагы “Айыл тарыхы”музейдин тегерегин таштандыдан арылтып,көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында көчөттөрдүн ар кандай түрлөрүн отургузуу | Суусамыр-Талас -Тараз трасса жээгинин таштандыдан арылып, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. | 2023-2024-жылдар | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
5 | Катуу тиричилик калдыктарын жана таштандынын ар кандай түрлөрүн жол боюна таштабоо максатында коомдук таптипти сактоо үчүн трасса жээгине үгүт насаат,ураандары,эскертүүлөр жазылган такталарын илүү | Трасса жээги таштандыдан арылып,санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Коомдук тартипти сактоо ишке ашырылат | 2023-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
6 | Катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү | Катуу тиричилик калтыктарын кайра иштетүү боюнча ишканалар ачылат. | 2025-жылга чейин | Айыл өкмөтү | Донорлор тарабынан каржыланат |
7 | Катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу (таштоо) боюнча учурдагы жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү | Таштанды таштоочу жай жабылып рекультивациялоо иштери жүргүзүлөт | Дайыма | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
Жооптуу катчы | Э.Кулубаева |