Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме №2

 

 

Бекмолдо айыл кеңешинин

2023-жылдын 16-февралындагы

№3 токтому менен бекитилди

 

Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик

калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү,

көрктөндүрүү жашылдандыруу жана коомдук тартипти сактоо

боюнча Бекмолдо айыл аймагында түзүлгөн иш-чаралардын планы

 

№

Милдеттер

Күтүлүүчү натыйжа

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучу

Каржылоо булагы

1

Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү

Тиричилик калдыктары көчөмө –көчө кыдырып чыгарылат. Айыл тургундарына жеңилдик болот.

2025-жылга чейин

Айыл

өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

2

Калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга,төлөм тартибин чыңдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктураны өркүндөтүү

Айлана –чөйрөнүн климаттык абалы жакшырат.

Дайыма

Айыл

өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

3

Катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү

Айлана- чөйрөнүн климаттык абалын жакшыртылат. Жер кыртышынын эрозиялык бузулушунан сакталат. Заманбап полигондор түзүлөт.

2025-жылдарга чейин

Айыл

өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

4

Айыл аймагынын Суусамыр-Талас -Тараз трасса жээгинин түндүк,түштүк тарабын жана Б.Чойбеков атындагы “Айыл тарыхы”музейдин тегерегин таштандыдан арылтып,көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында көчөттөрдүн ар кандай түрлөрүн отургузуу

Суусамыр-Талас -Тараз трасса жээгинин таштандыдан арылып, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.

2023-2024-жылдар

Айыл

өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

5

Катуу тиричилик калдыктарын жана таштандынын ар кандай түрлөрүн жол боюна таштабоо максатында коомдук таптипти сактоо үчүн трасса жээгине үгүт насаат,ураандары,эскертүүлөр жазылган такталарын илүү

 Трасса жээги таштандыдан арылып,санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Коомдук тартипти сактоо ишке ашырылат

2023-жыл

Айыл

өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

6

Катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү

Катуу тиричилик калтыктарын кайра иштетүү боюнча ишканалар ачылат.

2025-жылга чейин

Айыл

өкмөтү

Донорлор тарабынан каржыланат

7

 Катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу (таштоо) боюнча учурдагы жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү

Таштанды таштоочу жай жабылып рекультивациялоо иштери жүргүзүлөт

Дайыма

Айыл

өкмөтү

Жергиликтүү бюджет

 

Жооптуу катчы

Э.Кулубаева