Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилди) |
Пилоттук режимде айыл аймактарынын
деңгээлинде административдик-аймактык реформа
менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу
жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө
убактылуу жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө", 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө", 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомдоруна ылайык иштелип чыккан.
Убактылуу жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жайыттарды (мындан ары - жайыттар) башкаруу, сактоо жана жакшыртуу жаатындагы ишинин укуктук негиздерин белгилейт жана аныктайт, ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында пилоттук айылдык аймактардын аймагындагы жайыттарды башкарууну жана пайдаланууга берүүнү жөнгө салат.
I. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу жобо өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайыт жерлеринен тышкары, жайыттарды комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, ошондой эле натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү жолу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу жана пайдаланууга берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат.
2. Жайыттарды пайдалануу укугун берүү ачык-айкындуулук, жалпыга жеткиликтүүлүк жана жайыттарды үзгүлтүксүз сарамжалдуу, туруктуу пайдалануу принциптеринде жүзөгө ашырылууга тийиш.
II. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
түзүмү жана ыйгарым укуктары
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ар жылдык планды иштеп чыгуу жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (жергиликтүү кеңештин) бекитүүсү;
- жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү;
- жайыт билеттерин берүү жана/же жайыттарды пайдалануу укугун берүү боюнча келишим түзүү;
- жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн аныктоо, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (жергиликтүү кеңештин) милдеттүү бекитүүсү;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;
- жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аларды күтүүгө, башкарууга жана жакшыртууга инвестиция катары жөнөтүлгөн кирешелерди башкаруу;
- муниципалдык ишканаларды түзүү;
- жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга тиешелүү бардык маселелерди чечүү.
5. Муниципалдык ишкана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде түзүлөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ар жылдык планга ылайык жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча функцияларды ишке ашырат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ар жылдык планды иштеп чыгууда муниципалдык ишкана квалификациялуу адистерди, ошондой эле тиешелүү мекемелерди жана уюмдарды тартууга укуктуу.
7. Муниципалдык ишкана жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун бардык маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына отчет берет.
III. Жайыттарды пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
8. Жайыттарды пайдалануу укугун берүү тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык жүзөгө ашырылат.
9. Тиешелүү аймакта жашаган калк ошол аймакта жашабаган адамдарга пайдалануунун белгилүү бир түрүндөгү, көлөмдөгү ж.б. жайыттарды пайдалануу укугун берүү жөнүндө маселелерди жарандардын жыйынында кароого коюуга укуктуу.
10. Жеке жана юридикалык жактар жайыттарды төмөнкүдөй максаттарда пайдалана алышат:
1) мал жаюу үчүн;
2) башка максаттарда:
- эс алуу;
- жапайы өскөн жемиштерди, мөмөлөрдү, козу карындарды, башка тамак-аш продукттарын жеке пайдаланууга жыйноо;
- дарылык-техникалык сырьену жыйноо жана балчылык;
- маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу;
- чөптү жана отунду даярдоо;
- жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу;
- жеңил конструкциядан турган (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү жыйноо жана алгачкы иштетүү пункттарын, малды жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын орнотуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө тиркелген типтүү жобонун VI главасына ылайык көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын плантацияларын түзүү.
Жеке жана юридикалык жактардын жайыт участокторунда болуусу, ошондой эле бул участоктордо жапайы өскөн мөмөлөрдү, мөмөлөрдү, козу карындарды жана башка тамак-аш продукттарын, дарылык-техникалык сырьену чогултуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ар жылдык пландарга ылайык чектелиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жайыттарды үч жылдан ашык мөөнөткө бергенде жайыттарды пайдалануу укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү мамлекеттик катталууга тийиш.
Жайыт билетинин же келишимдин негизинде үч жылдан аз жайыттарды пайдалануу укугу да ыктыярдуу катталышы мүмкүн.
12. Жайыт билети жана/же жайыттарды пайдалануу укугуна келишим жок болгон учурда жайыттар максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган катары алып коюлууга тийиш.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жайыт билетин берет жана/же жайыттарды пайдалануу үчүн тиешелүү жыйым төгүлгөндөн кийин жайыттарды пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим түзөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт билети үчүн жыйымды бөлүп төлөөгө жол берилет, жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси - учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен, ал эми калган бөлүгү 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт. Жыйым өз убагында төлөнбөгөн учурда мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум кошулуп эсептелет.
14. Жайыттарды мал жаюу максатында пайдаланууда жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жыл сайын муниципалдык ишкана тарабынан оптималдуу жүктөмдү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан төмөн эмес аныкталат, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ар жылдык планга киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
15. Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан белгиленет жана малдын башына жана үй жаныбарларынын түрлөрүнө жараша өзгөрүлөт.
16. Жайыттарды башка максаттарга пайдаланууда жыйымдын өлчөмү төмөнкүлөрдө аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн жыйымга барабар өлчөмдө;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо жыйым алынбайт.
17. Жайыт пайдалануучу муниципалдык ишканага төмөнкүлөр көрсөтүлгөн арыз менен кайрылат:
- аянтын көрсөтүү менен жайыт жерлеринин жайгашкан жери;
- ушул Убактылуу жобонун 10-пунктуна ылайык максаттар;
- жайыт жерлерин пайдалануу мөөнөтү (5 жылдан ашык эмес);
- үй жаныбарынын түрү жана малдын башынын саны.
IV. Контролдоо жана мониторинг жүргүзүү
18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жайыттардын пайдаланылышына контролду жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат жана аларды жакшыртуу, сактоо жана калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт.
19. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жайыт пайдалануучулардын жана жергиликтүү жамааттын жайыттарды сактоого жана жакшыртууга социалдык жоопкерчилигин жана катышуусуна дем берет.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгууда жалпы чогулуштарды, консультацияларды өткөрүү жана жергиликтүү калк менен макулдашуу жолу менен коомчулукту тартат.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ресурстарды адилеттүү жана натыйжалуу пайдалануу принциптерин сактап, бардык кызыкдар тараптар үчүн жайыттарга бирдей жетүүнү камсыз кылат.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жайыт пайдалануучулардын жана коомчулуктун арасында жайыттарды пайдалануу жана туруктуу башкаруу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн окутуу программаларын жана маалыматтык кампанияларды өткөрөт.
V. Корутунду жоболор
23. Талаш-тартыштарды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы талаш-тартыштарды чечүү жол-жобосун иштеп чыгат, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан бекитилет.
24. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жайыт чарбасы чөйрөсүндө илимий, экологиялык жана инновациялык чечимдерди өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн мамлекеттик органдар, илимий-изилдөө мекемелер, коомдук уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат.