СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХIII сессиясы
2023-жылдын 26-декабры №99
Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4 пунктуна ылайык , “ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндо Кодекси” 2018-жылдын 10-августундагы № 90 Мыйзамынын 24-главасынын 74-75-беренелеринин негизинде, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 01-11/31 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн 2024-жылга жыйымдардын ченеми төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- юридикалык тараптар үчүн -100сом
- ар бир кожолукка -10сом
2. Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөө көзөмөл жүргүзүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин алдындагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бөрүев |