Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2023-жылдын 26-декабры ПЖ № 358

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн:

 

сыйлансын:

"Данакер" ордени менен

Мухаммад Абдурахман Ахмад Альшайа

-

"Ассафа борбору" коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы негиздөөчүсү;

"Достук" ордени менен

Набель Альоун

-

"Ассалам" кайрымдуулук уюмунун директорлор кеңешинин башчысы жана фонддун Кыргыз Республикасындагы негиздөөчүсү;

"Даңк" медалы менен:

Мырзамамытов Зыябек Асанович

-

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэринин коомдук башталыштагы жардамчысы;

Султан Кылычбек Камчы

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси;

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылсын

Сатыкулов Орункулга

-

Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин коммерциялык маселелер боюнча директору;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын

Керимбаев Шаймерден

-

Кыргыз Республикасынын маданиятынын ардагери.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров