Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы N 52 токтомуна) |
Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэрия, айыл өкмөтү) ишин регламенттейт.
2. Айыл аймагын/айыл аймактарын жана/же айрым калктуу конуштарды шаарга кошууда облустук маанидеги шаарлардын статусун алган шаарларды кошпогондо, мэриянын статусу өзгөрбөйт. Мэрия анын курамына кирген айыл өкмөтүнүн укук улантуучусу болот.
Шаарларга кошулган айыл өкмөтүнүн иши токтотулат.
3. Бириктирилген айыл аймактарынын айыл өкмөтү анын курамына кирген айыл өкмөттөрүнүн укук улантуучусу, юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Бириктирилген айыл өкмөтүнүн курамына кирген айыл өкмөтүнүн иши токтотулат.
4. Айрым калктуу конуштарды административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган айыл аймагына кошууда айыл өкмөтүнүн статусу өзгөрбөйт.
5. Жоюлган айыл аймагынын (Сузак районунун Ырыс айыл аймагы) айыл өкмөтүнүн иши токтотулат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (мэрия, айыл өкмөтү) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын чечимдерин, ошондой эле ушул Убактылуу жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэрия, айыл өкмөтү) компетенциясы
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэрия, айыл өкмөтү) кошумча милдеттерине "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маселелерден тышкары, төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында аныкталган милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу;
2) пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында аларга берилүүчү кошумча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу;
3) калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэрия, айыл өкмөтү) кошумча функцияларына "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандардан тышкары, төмөнкүлөр кирет:
1) чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында муниципалдык жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө;
2) мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
3) сууну эксплуатациялоо, күтүү жана сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга келишимдик шарттарда бөлүштүрүү;
4) ичүүчү суу менен камсыздоо системасын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү;
5) архитектура жана шаар куруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте аймактарды, айрым калктуу конуштарын өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу;
6) өз ишин жүргүзүүдө адам ресурстарын башкаруу боюнча маалыматтык (автоматташтырылган) системаны пайдалануу.
9. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын, шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында, ушул Убактылуу жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, шаарлардын мэрлерине төмөнкүдөй кошумча ыйгарым укуктар берилет:
1) бюджетти бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга керектөө ченемдерин жана тарифтерди, жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэрия, айыл өкмөтү) штаттык саны, штаттык расписаниеси жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэрия, айыл өкмөтү) штаттык санынын, штаттык расписаниесинин негизинде алардын жетекчиси тарабынан бекитилет.
3-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин (шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы) статусу жана ыйгарым укуктары
11. Айыл аймагын/айыл аймактарын же айрым калктуу конуштарды шаардын курамына киргизүү шаардын мэрин алмаштыруу үчүн негиз болуп саналбайт.
Шаарларга кошулган айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери (муниципалдык кызматчылар, кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын кызматкерлери) менен эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулат.
Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардын курамына киргизилген айыл аймагынын/айыл аймактарынын, айрым калктуу конуштардын аймагында аймактык бөлүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
12. Курамына административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган айрым калктуу конуштар киргизилген айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана кызмат ордуна кайра дайындоо үчүн негиз болуп саналбайт.
13. Учурдагы административдик чек аралары өзгөртүүсүз калтырылган шаардын жана айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулууга жана кызмат ордуна кайра дайындалууга тийиш эмес.
14. Бир айыл аймагына бириктирилген айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери (муниципалдык кызматчылар, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлери) кайра уюштурууга байланыштуу штаттык бирдиктерди кыскартуу мүмкүндүгү жөнүндө башчынын буйругу менен эскертилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бошотулган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички резервине киргизүү боюнча чараларды көрөт.
Жаңы түзүлгөн шаардын жана айыл аймагынын, ошондой эле райондук маанидеги категориядан облустук маанидеги шаарлардын категориясына которулган шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте кызмат ордуна дайындалат.
15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте макулдашуу комиссиясынын сунуштамаларын эске алуу менен аппараттын кызматкерлерин дайындайт.
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, ошондой эле маданият үйлөрүн, китепканаларды, музейлерди, спорттук комплекстерди тейлөөчү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылануучу мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга;
2) аймактык жана/же ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен инвестициялык долбоорлорду, айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгуу үчүн тиешелүү адистердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;
4) жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында анын өкүлү катары мамлекеттик органдар жана башка мекемелер, уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө.
4-глава. Айыл башчысы (айыл старостасы)
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарда жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында эмгек келишиминин (контракттын) негизинде айыл башчысын (айыл старостасын ) ишке жалдашы мүмкүн.
18. Айыл башчысынын милдеттери жана функциялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан аныкталат.
5-глава. Корутунду жоболор
19. Айыл аймагын шаарга кошууда жана айыл аймактарын бириктирүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы (муниципалдык кадрлар резерви), анын орун басары жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери (муниципалдык кызматчылар) кайра уюштурууга байланыштуу штаттык бирдиктерди кыскартуу мүмкүндүгү жөнүндө эскертилет, кадрлар резервине (шаардын мэриясынын жана айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине) киргизилет.
20. Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында бошотулган айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин (муниципалдык кызматчылар, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлери) укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары кызмат ордунан бошотуу жана башка кызмат ордуна дайындоо маселелерин кароо үчүн макулдашуу комиссияларын түзөт.
Практикалык, методикалык жардам көрсөтүү жана контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдында ушундай комиссиялар түзүлөт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында бошотулган айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин (муниципалдык кызматчылар, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлери) алардын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен жумушка орноштуруу боюнча толук чараларды көрөт.
22. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Бириктирилген айыл аймагынын, шаардын курамына кирген айыл өкмөтүнүн балансында турган мүлк жана каражаттар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 93-статьясында аныкталган тартипте мэриянын же жаңы түзүлгөн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берилет.
24. Айыл өкмөтүнүн балансында турган мүлк Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 93-статьясына жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына ылайык төмөнкүлөргө өткөрүп берилет:
1) шаарга кошулууда, айыл аймактарын бириктирүүдө мэриянын жана жаңы түзүлгөн айыл өкмөттөрүнүн карамагына өткөрүп берүү актысына (кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына) ылайык;
2) айыл аймактарын бириктирүүдө - жаңы түзүлгөн айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү актысына ылайык;
3) шаардын курамынан айыл аймагын, өзүнчө калктуу конуштарды бөлүп чыгарууда жана аларды башка шаарга, айыл аймагына кошууда - тиешелүү мэрияга жана айыл өкмөтүнө бөлүштүрүү балансына ылайык;
4) райондук маанидеги шаарды облустук маанидеги шаарга өзгөртүп түзүүдө (уюштуруучулук-укуктук формасын өзгөртүүдө) - облустук маанидеги шаарга өткөрүп берүү актысына ылайык.
25. Мүлктү жана документтерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары комиссияларды түзөт.
26. Комиссия өткөрүп берүү актысын жана бөлүштүрүү балансын түзөт, алар төмөнкүлөр тарабынан бекитилет:
1) айыл аймактарынын жана айрым калктуу конуштардын мүлкүн республикалык маанидеги шаарларга өткөрүп берүү боюнча республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан;
2) айыл аймактарынын жана айрым калктуу конуштардын мүлкүн облустук маанидеги шаарларга жана облустук маанидеги жаңы түзүлгөн шаарларга өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан;
3) Таш-Көмүр шаарынан жаңы түзүлгөн Шамалды-Сай шаарына жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө мүлктү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан;
4) бириктирилген айыл аймактарынын, айыл аймагына кошулган райондун айрым калктуу конуштарынын мүлкүн өткөрүп берүү боюнча райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан.
27. Административдик-аймактык реформанын алкагында ишин токтоткон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын документтери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдарына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берилет.