Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 69 токтому менен бекитилди) |
Кыймылсыз мүлккө укуктарды
онлайн режимде мамлекеттик каттоонун
убактылуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) кыймылсыз мүлктүн экинчи рыногундагы турак жай багытындагы кыймылсыз мүлк объекттерин - батирлерди сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнөн келип чыккан кыймылсыз мүлккө укуктарды маалыматтык-коммуникациялык тармак аркылуу автоматтык режимде каттоону ишке ашыруу үчүн арналган жана жеке жактарга гана жайылтылат.
2. Кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режимде мамлекеттик каттоо (мындан ары - онлайн каттоо) "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
онлайн каттоо сервиси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же кыймылсыз мүлк объекттери менен бүтүмдөрдү каттоого байланыштуу арыздарды Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармак аркылуу кабыл алуу, иштетүү жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу - жеке жак - кыймылсыз мүлк объектисинин ээси;
сатып алуучу - төлөмдү жүзөгө ашыруучу жана кыймылсыз мүлк объектисинин сатып алуучусу болуп саналган жеке жак;
каттоочу - арыздарды кароого жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
автоматташтырылган каттоо системасы (мындан ары - АКС) - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;
"Face ID" бетти таануу сервиси - жандуу бетти биометрикалык аныктоо менен адамдын инсандыгын ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн, уурдалган сүрөттөрдү кол салуучулардын колдонуусуна жол бербеген бетти таануунун биометрикалык технологиясы;
пилоттук долбоордун катышуучулары - жеке жактар, жарандарды биометрикалык каттоо жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу башка түшүнүктөр кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
2. Кыймылсыз мүлк объекттери менен бүтүмдөрдү
онлайн каттоонун тартиби
4. Маалыматтык ресурста авторизациялоо үчүн, анын ичинде "Face ID" бетти таануу сервиси аркылуу аралыктан идентификациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары онлайн каттоо сервисине уруксат алууга тийиш.
5. Сатуучу жана сатып алуучу онлайн каттоо сервиси аркылуу онлайн каттоону жүзөгө ашырууга арыз берет.
6. Онлайн каттоо төмөнкүдөй учурларда мүмкүн:
- кыймылсыз мүлк объектине оорчулуктардын (чектөөлөрдүн) жоктугу;
- кыймылсыз мүлк объектисинин менчик ээсинде жана сатуучуда салык карызынын жоктугу;
- ажыратылып жаткан кыймылсыз мүлк объектисине Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарына ылайык жубайлардын жалпы биргелешкен менчик укуктарынан тышкары үчүнчү жактардын үлүштүк укуктарынын жоктугу.
Онлайн каттоону жүзөгө ашырууга арыз берүүнүн алдында сатуучу сатып алуучуга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган укук белгилөөчү документтин (документтердин) түп нускасын (түп нускаларын);
- ээликтен ажыратылуучу кыймылсыз мүлк объектисинин техникалык паспортунун түп нускасын.
7. Сатуучу жана сатып алуучу бир кыймылсыз мүлк объектиси менен бүтүм жасоодо Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында же башка санариптик инструменттерде онлайн каттоонун бир эле сервисин колдонууга тийиш.
8. Арызды онлайн каттоо сервисинде каттоо үчүн сатуучуга төмөнкүлөр керек:
- сатуучунун инсандыгын ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациядан өтүү;
- "Кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн каттоо" кызмат көрсөтүүсүн тандоо;
- сатуучунун менчигинде бир нече кыймылсыз мүлк объектилери бар болгон учурда тизмеден алып салынуучу мүлктү тандоо;
- эгерде сатуучу нике учурунда чогуу алынган кыймылсыз мүлк объектисин ээликтен ажыратса, сатуучунун ээликтен ажыратылып жаткан мүлкүн сатып алган учурда жубайы онлайн каттоо сервисинде кыймылсыз мүлк объектисин ээликтен ажыратууга макулдук берүү үчүн онлайн-идентификациядан өтүү;
- эгерде сатуучу биргелешип алынган мүлк болуп саналбаган кыймылсыз мүлк объектисин ээликтен ажыратса, ал үй-бүлөлүк абалы жөнүндө жана ээликтен ажыратылуучу мүлккө талапкер адамдардын жоктугу жөнүндө электрондук арызга кол коюшу керек. Мында арыздын аныктыгы үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт;
- ээликтен ажыратылып жаткан кыймылсыз мүлк объектисинин наркын көрсөтүү;
- сатып алуучунун жеке идентификациялык номерин киргизүү.
9. Арыздын электрондук формасы толтурулгандан кийин онлайн каттоо сервисинде сатып алуу-сатуу келишими автоматтык режимде түзүлөт, ага электрондук кол тамга менен кол коюлат жана онлайн каттоо кызматы аркылуу сатып алуучуга кабарлоо жөнөтүлөт.
10. Арызды онлайн каттоо сервисинде каттоо үчүн сатып алуучуга төмөнкүлөр керек:
- сатып алуучунун инсандыгын ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациядан өтүү;
- эгерде сатып алуучу никеде болсо, жубайы онлайн каттоо сервисинде кыймылсыз мүлк объектисин сатып алууга макулдук берүү үчүн онлайн идентификациядан өтүү;
- эгерде сатып алуучу никеде турбаса, анда үй-бүлөлүк абалы жөнүндө электрондук арызга кол коюшу керек, мында арыздын аныктыгы үчүн жоопкерчилик сатып алуучуга жүктөлөт;
- электрондук кол тамга аркылуу кыймылсыз мүлк объектисин сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу;
- кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо кызматынын наркын төлөө. Төлөм электрондук формада жүргүзүлөт.
Төлөм системаларынын оператору тарабынан төлөм факты ырасталса, сатып алуу-сатуу келишими онлайн каттоо сервиси аркылуу кыймылсыз мүлк объектиси жайгашкан жер боюнча жергиликтүү каттоо органынын АКСке жиберилет.
11. Арыз АКСке жөнөтүлгөндөн кийин автоматтык режимде онлайн каттоо сервиси сатуучуга жана сатып алуучуга кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө АКСте автоматтык түрдө жазылган кабыл алуу күнүн жана убактысын көрсөтүү менен кабарлайт.
12. Онлайн каттоо иш убактысында, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
3. Арыздарды кароонун жана чечимдерди кабыл
алуунун тартиби
13. Каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган документтердин тизмегин каттоочу арызды кабыл алган учурдан тартып жана каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө каттоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оң чечим кабыл алынган учурда кыймылсыз мүлк объектисин сатып алуу-сатуу келишимин күбөлөндүрүү жана АКСке белгиленген тартипте каттоо;
- АКСке белгиленген тартипте катталгандан кийин сатып алуучуга сатып алынган кыймылсыз мүлк объектисинин техникалык паспортунун электрондук титулдук барагын берүү;
- кыймылсыз мүлк объектисин сатып алуу-сатуу келишимин каттоодон баш тарткан учурда сатып алуучуга баш тартуунун себебин көрсөтүү менен баш тартуу жөнүндө кабарлоо жөнөтүү.
Каттоодон баш тартылган учурда сатып алуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кыймылсыз мүлк объектиси жайгашкан жердеги филиалына кайрылып, сатып алуучунун төлөм картасына кызмат көрсөтүүнүн суммасын кайтаруу үчүн баш тартуу жөнүндө кабарлоо бере алат.
14. Катталгандан кийин сатып алуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлк объектиси жайгашкан жердеги филиалында сатып алуу-сатуу келишимин алууга укуктуу. Мында сатып алуучу сатуучунун укук белгилөөчү документин (документтерин) тапшырууга милдеттүү.
4. Корутунду жоболор
15. Электрондук формада кызмат көрсөтүү процессинде берилүүчү маалымат (жеке маалыматтарды кошкондо) пилоттоштуруунун катышуучулары тарабынан санкцияланбаган кирүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, блоктоодон, чыгып кетүүдөн жана жеке максаттарда, ошондой эле ушул Тартипке каршы максаттарда пайдалануудан корголууга тийиш.
16. Пилоттоштуруунун катышуучулары пилоттоштуруунун алкагында белгилүү болгон маалыматтын санкцияланбаган жеткиликтүүлүгү жана жайылышы үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
17. Сатуучу жана сатып алуучу берилген документтердин аныктыгына жана онлайн каттоодо маалыматтардын киргизилишине жеке жоопкерчилик тартат.