Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 67
"Ысык-Көл областтык балдардын ден соолугун чыңдоочу спорттук комплекси "Маяк Түп" мекемесинин объекттерин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Каракол шаарынын № 2 кесиптик лицейинин балансында турган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ысык-Көл айылы, Ленин көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан "Ысык-Көл областтык балдардын ден соолугун чыңдоочу спорттук комплекси "Маяк Түп" мекемесинин объекттерин 41719,94 кв.м жалпы аянттагы жанаша жер участоктору менен (идентификациялык коду 2-05-03-1001-0340) социалдык-маданий маанидеги системада пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата "Ысык-Көл областтык балдардын ден соолугун чыңдоочу спорттук комплекси "Маяк Түп" мекемесинин социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын калдыгын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөп берүү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана алардын сакталышын камсыз кылуу;
3) жогоруда аталган өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
4) өткөрүп берилүүчү объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүү жана андан ары тейлөө;
5) өткөрүп берилүүчү объекттерди так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
6) өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |