Редакцияот 01.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2023-жылдын 1-декабры № 1

Өрүктү айылдык аймагынын бюджетинин 2023-жылдын IV кварталына карата чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Өрүктү айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматына ылайык, Республикалык бюджеттен багыттуу трансферт катары келген акча каражатын тиешелүү статьяларга бекитүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы токтом кылат:

 

1.  Өрүктү айылдык аймагынын 2023-жылдын IV кварталына карата Республикалык бюджеттен багыттуу трансферт (бирдиктүү салык) катары келген 1 890,3 миң сом акча каражаты төмөнкү статьяларга бөлүштүрүлсүн:

-  социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 статьясына 230,0 миң сом;

-  ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясына 1 660,3 миң сом, бардыгы болуп 1 890,3 миң сом акча каражаты чыгашалардын статьяларына бекитилсин.

 

2.  Жогорудагы акча каражаттарын тиешелүү статьялар боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде чыгымдоо жагы айыл аймактын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева