Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 27-февралы № 58
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
498-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга;".
2-берене.
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-августу, № 71) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) координатор - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы;";
б) мамлекеттик тилдеги 4-пунктта "параюрист" деген сөз "көмөкчү юрист" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 8-пунктта "же административдик сот өндүрүшүнүн" деген сөздөр ", административдик сот өндүрүшүнүн жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 10-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жана бекитүү" деген сөздөр алып салынсын;
3) мамлекеттик тилдеги 11 жана 12-беренелерде "параюристтер" деген сөз "көмөкчү юристтер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-беренеде:
а) 3-бөлүктө "жана параюристтер" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмунда 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Көмөкчү юристтердин статусу, алардын реестрин жүргүзүү жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
5) 13-беренеде:
а) берененин аталышында "жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүктө "жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
6) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-берене менен толукталсын:
"131-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
1. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга берилет.
2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам кармалган учурдагы адамга, ошондой эле камакка алуу каралган укук бузууну жасаган шектелгендерге берилет.
3. Квалификациялуу юридикалык жардам камакка алуу каралган укук бузууну жасады деп шектелген адамга анын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда ар жылдык белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынан 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки кирешенин өлчөмү 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.
4. Адамдар кармалган учурларда квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешесин эсепке албастан берилет.";
7) 14-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) никени бузуу тууралуу иштери боюнча тараптарга;";
- 9 жана 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүктө "көрсөтүлгөн адамдарга" деген сөздөр "1-8-пункттарда көрсөтүлгөн доогерлерге же жоопкерлерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Квалификациялуу юридикалык жардам жарандык иштердин бардык категориялары боюнча, кирешеси эсепке алынбастан, доогерлер же жоопкерлер катары төмөнкүлөргө берилет:
1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
3) жашоонун оор кырдаалына дуушар болгон балдарга;
4) багуусунда баласы/балдары бар жалгыз бой адамдарга;
5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;
7) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;
9) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча жарандарга;
10) психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган адамдарга.";
8) 15-беренеде:
а) 1-бөлүк "Кыргыз Республикасынын жарандарына" деген сөздөрдөн кийин ", чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 81, 82, 83 жана 84-пункттар менен толукталсын:
"81) кайрылман статусун берүү маселеси боюнча кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдарга;
"82) качкын статусун берүү маселеси боюнча качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга;
"83) жарандыгы жок адам статусун берүү маселеси боюнча жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга;
"84) аргасыз жер которуу статусун берүү маселелери боюнча аргасыз жер которгондорго;";
9) 16-беренеде:
а) берененин аталышында "жана административдик сот өндүрүшүндө" деген сөздөр ", административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) арыз берүүгө байланыштуу иш боюнча адвокаттын бар экендиги жөнүндө маалыматты өз учурунда берүүгө.";
10) 17-берененин аталышында "жана административдик сот өндүрүшүндө" деген сөздөр ", административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 19-берененин 4-бөлүгүндө:
а) "жана административдик иштер боюнча" деген сөздөр ", административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттары ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.";
12) 21-беренеде:
а) берененин аталышында "жана административдик сот өндүрүшүндө" деген сөздөр ", административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк "сот өндүрүшүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 22-беренеде:
а) берененин аталышында "жана административдик сот өндүрүшүндө" деген сөздөр ", административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзац "сот өндүрүшүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктта "кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктта "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестринен" деген сөздөр "реестрден" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.";
г) 4-бөлүктө "жана административдик сот өндүрүшүндөгү" деген сөздөр ", административдик сот өндүрүшүндөгү жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 24-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-берене. Адвокатты алмаштыруу
Адвокат координатордун чечими боюнча төмөнкүдөй учурларда алмаштырылат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам алуучудан мурдагы адвокаттын кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартуу же адвокатты алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн арыз келип түшкөндө;
2) адвокат ооруп калганда жана квалификациялуу юридикалык жардам алуучунун макулдугу болгон шартта;
3) адвокат Бишкек шаарын кошпогондо, бир райондон экинчи районго которулганда;
4) иш боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу аныкталганда;
5) адвокат квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетилгенде;
6) адвокат реестрден чыгарылганда;
7) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу убактылуу токтотулганда же бузулганда.";
8) адвокаттык лицензия убактылуу токтотулганда же андан ажыратылганда.";
15) 25-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турушу мүмкүн:
1) адвокат жүйөлөнгөн арыз бергенде;
2) адвокатка карата сотко чейинки өндүрүш болгондо;
3) адвокат адвокаттык иш менен алектенүү лицензиясынын колдонулушун токтотуп турганда;
4) көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатына даттануу болгондо, мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактабаганда.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 27 жана 28-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
1. Кылмыш-жаза иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз берүүчүнүн кирешесинин өлчөмү ушул Мыйзамда белгиленген кирешенин деңгээлинен ашса;
2) адам ушул Мыйзамдын 13-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;
3) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо.
2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуунун негиздери:
1) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз берүүчүнүн кирешесинин ушул Мыйзамда белгиленген деңгээлинен ашса;
2) адам ушул Мыйзамдын 131-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;
3) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо.
3. Жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам ушул Мыйзамдын 14 жана 15-беренелеринде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;
2) адам квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө негиз болуучу анык эмес маалыматты берсе;
3) талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки жол-жобосу сакталбаса;
4) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо;
5) анын кызыкчылыгында прокурор тарабынан сотко арыз берилген адамга карата.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
28-берене. Адвокатка карата колдонулуучу таасир этүү чаралары
1. Адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары бузулганда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат:
1) эскертүү;
2) адвокатты квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөткө убактылуу четтетүү;
3) бул адвокат менен 1 жылдан эрте эмес жаңы келишим түзүү шарты менен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуу.
2. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимге адвокат тарабынан административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.";
17) 4-главада:
а) главанын аталышы "каржылоо тартиби" деген сөздөрдөн кийин ", мониторинг жүргүзүү жана анын сапатын баалоо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 301-берене менен толукталсын:
"301-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатын камсыз кылуу үчүн консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзөт, баалайт.
2. Консультациялык-укуктук жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 01-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
| ||
2024-жылдын 10-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |